Кытайдын ийнетерапиясы чжэнь – ийне саюу, цзю – күйгүзүү тээ байыркы кылымдарда , адам баласы эс тартып,  кара жумуш менен алектене баштагандан баштап  пайда болгон деген уламыштар бар. Байыркы Кытайдын легендаларынан байкалгандай, бул ыкманын чыгышы жөнүндө көптөгөн кызыктуу имиштер тараган . Ошолордун биринде  илгерки заманда бир кытай дыйканы күрүч талаасында иштеп жатып, башынын катуу ооруганынан чыдабай олдоксондугунан уламбы, бутунун бармактарынын учун кетмени менен чаап алган деп айтылат. Ошондо баш оорусу дароо басылганын  сезген ал дыйкан бутунун бармактарынын арасын, башы ооруган сайын таш менен чапкылап жүрүп, башы айыгып кетиптир деген уламыш кептер калган. Ошентип биз Байыркы Кытайдын ийне саюу ыкмасынын тарыхын тактай турган болсок, ийне саюу Байыркы Кытайда таш доорунда эле пайда болуптур. Анда жасалган таш ийнелер менен ошол мезгилдин дабагерлери  дарылап, кезеги келгенде ириңдерди жарып,  таш ийне менен кан алуу ыкмасын дагы  колдонуп жүрүшкөн.Мезгилдин агымы менен металлды керектөөгө колдоно баштагандан баштап  металлдан жасалган ийнелер анын ичинен: жез ийнеси, күмүш, алтындан, темирден жасалган ийнелер кеңири пайдаланыла баштаган. Азыркы мезгилдерде дат баспаган болоттон жасалган ийнелер тажрыйбада колдонулуп жүрөт.Ал эми күйгүзүү ыкмасын алсак, башында шыбактан жасалган чөптөр тоголок түрүндө болсо, кийин бара-бара конус түрүнө айланып, колдонулуп келет. Илгерки дабагерлер шыбак менен ийне чекиттерин так калтырып күйгүзө турган болсо, азыр  чекиттерди күйгүзбөй, ысытып дарылоого өткөнбүз. Эми биз Кытайдын ийнетерапиясынын тарыхый хронологиясын карасак, “Жаз жана Күз”  жана “Падышалардын  күрөшү” (б.з.ч. 770-222жылдары) алгачкы ийнетерапиясы боюнча жазуу китебин Цзю Цю-мин жазган. Ал эми  Хань династиясында “Ши-цзи” китебинин автору болуп, Сы  Ма-цзянь эсептелип (б.з.ч. 400-500-жылдары), ийнетерапиясы боюнча ошондогу белгилүү дабагер Бянь Цяонун өмүр-баянын кенен-кесири жазып калтырган. Убагында Бянь Цяо кытай медицинасынын негиздөөчүсү болуп эсептелип, зор атак-даңккка ээ болгон. Ошол бизге жеткен  маалыматтар боюнча эл арасында Бянь Цяо  “өлгөн кишилерди тирилтет экен” деген сөз тарап кеткен. Андай сөзгө Бянь Цяо тамаша катарында: “Өлгөн кишилерди тирилте албасам дагы – учурунда кайрылса, кыйын абалдагы байтаптарды аман сактап калам” деп жооп берген. Байыркы ийнетерапевттердин өтө даңазалаган китептери (б.з.ч. 221-264-жылдары) Цинь, Хань жана Вей династиясында жазылган “Хуан-ди-ней-цзин” трактаты болуп эсептелет. Бул китепте “Сары император” деп аталган Хуань-ди менен Ци Бо деген окумуштуунун маеги жазылып,  2000 жыл сакталып, өнүккөн ошондогу Кытайдын илиминин теориялык жана практикалык негиздери камтылган. Бул китеп адамдын анатомиясын, физиологиясын, патологиясын, бейтаптардын диагностикасын жана ийнетерапияны камтыйт. Чжень- цзю терапиясынын дагы бир негиздөөчүсү болуп  Хуа-То эсептелет. Хуа-То (141-208ж)  Байыркы Кытай медицинасынын деңгээлин көтөрүп, убагында ийне терапия саюунун өтө чоң адиси болгон. Ал эми Тан династиясында ийнетерапияны кеңири окутуп, андагы устаттар илимий даражага ээ болуп, меридиандын топографиясын, чекиттерин, ийнетерапиянын ыкмасын, техникасын, ийненин тогуз түрлүү формаларын окута баштаган. Ийнетерапия ыкмасы XVII кылымдан баштап (Голландия,Франция), акупунктура деген ат менен (аку – ийне, пункция – саюу), (Мокса – күйгүзүү)  Европага белгилүү болгон. XIX кылымдан баштап ийнетерапиясы Францияда кеңири тараган. Бизге жеткен француз авторлорунан J. E. H. Niboyet, ал эми кийинки европалык ийнетерапиясын изилдөөчүлөрдөн G. Bachmann, J. Bishko бизге белгилүү.

Бара-бара ийнетерапия кытайдын кошуна өлкөлөрүнө, анын ичинен өзгөчө Японияга, Кореяга, Бирмага, Монголияга, Вьетнамга, Индияга жана башка жакынкы өлкөлөргө кеңири тараган. Бизге өзгөчө белгилүү болгону 1671-жылы жазган Греноблдик миссионер R. P. Harvien “Кытай  медицинасынын тарыхы” деген  китеби Европага тараганы Европанын элдерине өзгөчө кызыгууну жараткан.

Кытай Эл Республикасы пайда болгондон баштап, 1955-жылы Пекинде элдик медицина боюнча борбордук илимий-изилдөө институту ачылып, анын чжэнь-цзю бөлүмүн, салттуу медицинанын белгилүү адиси Чжу Лянь жетектеп, заманбап чжэнь-цзю терапияны колдонушу боюнча атактуу китебин жазган. 1959-жылы бул китеп Советтер Союзунда орус тилине которулган. Ушул китеп чыккандан баштап, Россия өлкөсүндө жана союздук республикаларда ийнетерапиясына кызыгуу күч алган.

Мурдагы Советтер Союзу менен Кытай Эл Республикасы жакшы мамиледе болуп турган жылдары, 1949-жылдан тартып, союздан бир нече студент Кытай медициналык институтунан окуп, ийнетерапиясы боюнча билим алып келген. Алардын ичинде Ленинградда, азыркы Санкт-Петербург шаарында врачтардан билимин жогорулатуу институтутунда ошол мезгилде иштеген профессор Эсфирь Давыдовна Тыкочинская, доцент Александр Трофимович Качандар Кытай медицианлык институтун бүтүшкөн. Кийин мен мединститутутту аяктап, 1977-жылы Республикалык оорукананын невралгия бөлүмүндө иштеп жатканымда, жогоруда аталган окумуштуулардан ийнетерапия боюнча алгачкы билимди алгам. Кыргызстандагы  ийнетерапиясынын алгачкы  “карлыгачтары”  болуп, Кытайдан 1950-жылдардын аяк ченинде келген мурдагы кытай жарандары, уйгур улутундагы Н. С. Бабажанов, Назым Камбаров, Рузиев, Жалал-Абад шаарындагы курортто иштеген Турсунбай  акелер болушкан. Мен мединститутту бүткөндөн кийин Республикалык оорукананын неврология бөлүмүндө 1977-жылы жумушка орношкондон баштап, мурдагы курортология илимий-изилдөө институтунда иштеген, элибизге белгилүү ийнетерапевт Нурдин  Салжанович Бабажановдон билим алып калдым. Ал убакта жаңы окууну бүткөн кез. Европалык билим менен окуган мендей жаш врачка  кытай адисине  окууга келгенде кызыктай болуп сезилген. Майда ийнелер менен жыбыратып денеге сайганы, анын иш бөлмөсүндөгү бетине, денесине ийне сайылган сүрөттөгү фигуралар, бир четинен сырдуу санаркоо жаратса, бир четинен ишенбөөчүлүк түр менен алгачкы окуумду баштагам. Бара-бара бейтаптардын айткан сөздөрүнөн улам, айыктым деген устатыма болгон алкыштарынан  улам кытай ийнетерапиясына ишеничим пайда болуп, бул ыкма деле ийгилик жаратарына ынанып, кызыгуум арта баштаган. Ошондо ал киши орус тилин билбейт, мен кытай тилин билбейм. Ал киши кыргызча чала сүйлөйт, мен уйгурча сүйлөбөйм. Ортобузда М. К. Усова, С. А. Морохов деген автордун  “Ийнетерапиясы жана күйгүзүү ыкмасы боюнча кыскача баяндама” деген китебибиз бар. Күн сайын кытай чекиттерин жаттатып,  ошону окутат. Өзү аз сүйлөгөн киши экен. Мен анда бу кытайлык туугандар сөзгө сараң келип,  бөлөк элди окутууга  кызганычы барбы деген ойго келген болчумун. Кийин ушул окуу өзүнүн пайдасын тийгизгенин Ленинград шаарына барганымда байкадым. Ошол  1977-жылы он беш союздук республикадан 15 курсант Ленинградга ийнетерапиянын окуусуна барган экенбиз. Алардын  ичинен эң көп кыйналганы Трандошвили деген грузин жолдошубуз болду. Ал кытай сөздөрүн жаттай албай, 1 сааттык метродогу электричкада окууга бараткан убактыбызда, ар бир курсантка бирден кытайлык  ийнетерапиянын чекиттик атын коюп алат. Айтор,  цзу- сань-ли, сянь-инь-цзяо, янь-лин- цюань, ин-линь-цюань дейби фен-чи, фен-фу, вей-шу деп барганча баарыбызды күлдүрүп барат. Баргандан кийин окуу башталганда эле грузин досубузду мугалимибиз тургузат.  Ал баягы жаттаган чекиттерди унутуп калып, кандай эле деп жооп бере албай баарыбызды күлдүрө берчү. Мен мурда андай чекттерди окуп, Нурдин Салжанович жаттатканына байланыштуу ар дайым кол көтөрүп жооп бергенимде,  агайыбыз доцент Александр Трофимович  мени тургузуп: кытайча сүйлөп, “сен эмне кытай тилин билесиңби?” деген суроосуна “Жок, биз, кытайдын кошунасы болгонубуз менен тилибиз башка. Бирок мага ийнетерапиясынын чекиттерин мурдагы устатым жаттаткан” деп жооп бергеним эсимде.

Ийнетерапиясын Кыргызстанда жайылтуучулардын бири болуп, профессор Усманова Анвара Фатыховна  эсептелет. Бул эжейибиз өз убагында мурдагы Курортология илимий-изилдөө институтунда директордун илимий-изилдөө боюнча орун басары болуп иштечү. Өзү илимге кызыккан, өзгөчө ийнетерапиясына көңүл бурган эжейибиз, республикадагы бардык ийнетерапевттерди жыйнап, өзүнчө чыгыш илими боюнча илимий бирикме (секция) уюштурган. Бул илимий бирикмеге кийин союздук билимин жогорулатуучу окуу жайынан бүтүп келгендер: Леонид Иванович Антонов – бүгүнкү күндө №1 Бишкек шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштейт,  Валерий Ким – ыраматылык, мурда №1 шаардык төрөт үйүнүн башкы дабагери болчу,  Бакир Камчыбеков    мурда психикалык саламаттыкты сактоо борборунда иштечү, андан бөлөк жогоруда айтылган кытайлык уйгур туугандар катышып жүрчүбүз.

1985-1986-жылдары Москва шаарында рефлекстик терапия боюнча ачылган Борбордук илимий-изилдөө  институтунда тажрыйба алмашуу үчүн атайы курста билимимди өркүндөттүм. Ошол мезгилде Москвадагы рефлекстик терапия боюнча илимий-изилдөө  институтун Союзга белгилүү нейрофизиолог, профессор Рубен Ашотович Дуринян жетектеп турган. Бул институтта ийнетерапиянын колдонулушун илимий максатта далилдеш үчүн илимий-практикалык иштер көп жасалып турчу. Анын ичинен ийнетерапиясынын адамга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө анатомиялык жана физиологиялык багытта далилденип, андай, бир нече өткөрүлгөн илимий конференцияларга катышып жүрдүм. Ага чейин бир-эки жыл мурун Рубен Ашотович Дуринян биздин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип, КР Улуттук академиясында лекция окуп, Ысык-Көлдүн жаратылышына тамшанган жайы бар эле. Мен Москва шаарына барганда ал киши кайтыш болуп кеткен экен. Мен анын шакирттеринен илимий багытта көп жардам алдым. Азыркы мезгилде республикабыздын врачтардын билимин жогорулатуу институтунда  чыгыш медицинасы боюнча кафедра ачылып, аны илимдин доктору Рыскулбек Алыбаевич Канаев жетектейт. Бу коллегабыз дагы элибизге  Кытай Эл Республикасынан үйрөнүп келген  илимин  тартуулап, “Ийнерефлексотерапиянын негиздери” деген чоң эмгегин жазып, врачтарды ийнетерапиясы боюнча адистикке  окутуп. даярдап жүрөт. Рыскулбек Алыбаевичтин кытайлык врачтарды Бишкекке чакырып, алар менен илим-билим боюнча жакшы алака түзүп, ал эми кытайлык дабагерлер курсанттарга мастер-класс өткөзүп жүргөнүнө окуучуларынан ыраазылык билдиргенин укканым бар.  Жыйынтыктап айтканда  ийнетерапиянын тарыхы канча кылым карытса дагы элибизде “Алтын ийне ” деген ат менен таанылып, мезгилдин агымында  атагы алыска чыгып жатат.  Буга мен өзүм  күбө болуп иштеген 42 жылдык тажрыйбамда миңдеген адам кыйналып келип, айыгып жатканын  белгилеп айтсам болот. Мурда ийнетерапиясын сындап жүргөн  европалык көз караш менен окуган биздин кесиптештерибиз  дагы  бара-бара, чыгыш медицинасынын бул тармагын урматтап калышты. Ошентип  Кытайдын бул ыкмасы азыркы заманга ылайыкташып, өзүнүн маанисин жоготпой,  заманбап медицинадагы ордун тапканын   ишеничтүү түрдө белгилеп айтсам болот. 

        Бекбоев Темирбек, невролог,  чыгыш медицинасы боюнча адис-дабагер