Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы министри Динара Сагинбаева камакка алынды. Ал кечээ күнү Батукаевдин иши боюнча суракка чакырылган. Учурда Бишкек ШИИББнин ИВСинде жатат. Буга чейин 5 дарыгер камалган. Аларга Батукаевдин ден-соолугун анализин жасалма кылып документ жасашкан деген айып тагылууда. Сагинбаева бир канча жылдан бери Улуттук госпиталды жетектеп келаткан.
Сагинбаева менен кошо Жазык аткаруу кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган.

https://www.youtube.com/watch?v=qxEmzgV5bk4