Келдибек акеси Ошко Жамбыл үкөсүнө телефон чалат:

— Жамбыл, Украинада 6-президент болуп гитарист, бийчи, шоумен, куудул Владимир Зеленский болду. Туз насип буйруп бизде дагы кийинки президенттик  шайлоодо куудулдар тарапка бакыт ооп калса, кимиңер татыктуу болосуңар, жаман башыңды иштетип божурап көрчү?

— Рахманжан болбойт.

-Эмнеге?

— Ал буга чейин эле Кытайга темир ташып, Россияга пияз сатып көнүп калган. Эгерде Рахманжан президент болуп калса болгон быдырды сатып Кыргызстанды жок кылат.

— Абдылдачы?

— Абдылданын деңгээли президенттикке жетпейт, айыл чарба министри болсо болот.

— Эмнеге?

— Абдылда асалчидердин окуусун бүткөн да..

— Күмөндөрчү?

— Күмөндөр болсо тартип катуу болмок, ал коррупционерлер менен акыйнек айтышып отурбай эле аттырып таштамак, жыйында уктагандарды сахнадан секирип түшүп көздөрүн дат баскан мык менен чукуп таштамак, аягы уруш-талаш күчөп кетмек, болбойт..

-Борончучу?

— Борончу адегенде айыл өкмөттөн баштап бардык баскычты басып өтүш керек, билим алыш керек. Болбойт…

— Менчи?

— Сиз ал мезгилде кудай жаш берсе 70 жашта болуп каласыз. Болбойт…

— Жаштарданчы?

— Ээй Келдибек аке, куудул балдар, кыздардын билими жок, баарынын билимдерин чогултса СПТУнун билимине жетпейт. Болбойт…

— Анан ким болот?

— Ойлоп көрсөм, куудулдардын ичинен баардык жагынан төп келген мен эле экенмин, — десе, Келдибек акеси:

— Төп келбей, төмүрөң кал,- деп телефонун өчүрүптүр.

Картинки по запросу келдибек ниязов и жамбыл камчиев

Багыт гезити