—Максат мырза, алгач окурмандарга “Кыргызавтобекети”  тууралуу жалпы маалымат берсеӊиз?

—Белгилүү болгондой буга чейин Кыргызстандагы автобекеттер чачырап, аймак-аймак болуп, өз-өзүнчө иштеп келишкен. Өкмөт 2017-жылдын август айында  бул маселе боюнча чечим кабыл алып, жалпы автобекеттерди, авто кассаларды, автостанцияларды бириктирип, бир ишкана кылып түзүү боюнча токтом чыгарган. Менин  бул  ишкананы жетектеп жатканыма 1 жыл 2 ай болуп калды. Эми жалпы маалымат берейин. Биздин ишканага өлкөдөгү 7 чоӊ автобекет кирет. Алар: Кара-Кол, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Оштогу (№2-автобекет)  жана Бишкектеги Чыгыш жана Батыш автобекеттери. Мындан тышкары  аймактарда 8  автостанциябыз  жана  13 автокассабыз бар. Негизинен Кыргызстанда 70тей автобекеттер болсо, анын жарымынан азы мамлекеттик ишканалар болуп эсептелет, ал эми көпчүлүгү, атап айтканда: Чолпон-Ата, Токмок, Кара-Балта, Кемин автобекеттери ж.б. 1990-жылдардан кийин ар кандай жолдор менен менчиктештирилип кеткен. Ал кездеги менчиктештирүү  канчалык деңгээлде туура, же туура эмес болгонун мезгил өзү көрсөтүп жатат. Учурда  Чолпон-Ата автобекетинен башкасы баары эле иштебей, иштен чыгып турат. Бул ишкананын түзүлгөнүнүн негизги  себеби да ушул маселеге байланыштуу болду. Биздин максатыбыз- автобекеттерди бир колго топтоп, менчиктештирүүгө бербей, эффективдүү иштетүү, айтор элге талапка ылайык кызмат көрсөтүүнү жогорку деӊгээлде ишке ашыруу.

—Кыргызстанда жалпысынан  эл аралык каттамдарды кошкондо канча каттам бар?

—Өлкө боюнча жалпысынан 1000ге жакын каттам бар. Анын 40 пайызы биздин ишкана аркылуу ишке ашырылат.  Бишкектеги жүргүнчүлөрдүн көбү Батыш автобекетинин кызматын колдонуп жатат десек болот. Мисалы, Эл аралык каттамдар: Бишкек-Москва, Бишкек-Красноярск, Бишкек-Тюмень, Бишкек-Кашкар, Бишкек-Ташкент, Бишкек-Омск жана Казакстанга да 4 каттам бар.

—Бул ишкана түзүлгөндөн бери   канча жүргүнчү тейлей алдыӊыздар?

—2017-жылы 4 миллион 230 миӊден  ашуун, ал эми 2018-жылы  4 миллион 700 миӊден ашуун жарандарды (мунун ичинде туристтер, чет өлкөлүктөр да бар) тейлегенге жетиштик. Мындай көрсөткүч ишканабыздын кирешесинин көбөйүшүнө да шарт түздү. Өткөн жылы кирешебизди 115 пайызга көтөрө алдык. Мындайча айтканда, 2017-жылдагы киреше 4, 5 миллион сомго жеткен. Ал эми 2018-жылы 10 миллион сомдон ашырдык. Эми анын 4,5 миллион сому мамлекеттик казынага киреше катары төгүлөт. Ошол эле учурда биздин ишкана өткөн жылы салык, соцфондго 30 миллион сомго жакын каражат бөлдүк.

Биз  менен келишим түзүп иштеген  автобус, кичи автобустарга биз талапка ылайык кызматтарды көрсөтүп, киреше табабыз. Кызмат көрсөтүүнүн ичинде: айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн баарына автобекеттин ичин колдонуу, күтүү залын уюштуруу, билет сатылуучу каттамдарды жарнама кылуу, автобустардын кирип –чыгышына, токтоп турушуна, коопсуздук маселесине жана айдоочуларга жатакана, эс алуу бөлмөлөрүн уюштуруп берүү бар. Биз  кызмат көрсөтүүлөрдүн акысына  сатылган билеттин баасынын 12 пайызын алабыз. Бул биздин негизги киреше булагыбыз болуп эсептелет. Кудай буйруса, биз ушул 40 пайыз каттамды да шартка жараша жогорулатып,  жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүүнүн аракетин көрүп жатабыз. Биз автобекеттерде жүргүнчүлөрдү кайдыгер калтырбай турган мыкты шарттарды түзүп койсок, эл андай шартты өзү тандап алат деген ойдобуз. Ушул максаттын алкагында өткөн жылы биз  ишкананын жеке порталын ишке киргиздик. Азырынча орус тилинде, жакын арада кыргыз, англис тилдеринде да иштетүүнү максат кылып жатабыз.

—“Кыргызавтобекети” мамлекеттик ишканасы жеке менчик автобустары бар жеке айдоочулар жана ушул багыттагы фирмалар менен келишим түзүп иштеп, алардын көзүн карабай, өзүӊүздөр деле киреше булагын таап, сапаттуу автобустарды сатып алып, иштетпейсиздерби? Мисалы, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алып дегендей…

—Туура айтасыз. Ушул багытта иш алып баруу оюбузда эле турат. Бирок тилекке каршы, 2001-жылы ушул маселе боюнча жеке кызыкчылыктардын кагылышуусу болбосун деп  мыйзам кабыл алынып калган. Билбейм, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болгондур. Айтор, ошондон бери автобекеттер жүргүнчү ташып иштей албайт. Себеби, автобекеттерден ишкананын өзүнүн автобустары каттамга чыгып, эл ташыса, анда жеке менчик автобустарга атаандаштык жаралып, көбүрөөк артыкчылык  автобекеттердин автобусуна жасалып    калат деп түшүндүрүшкөн. Негизи автопаркты жаңыртуу мезгилдин талабы болуп турат. Жеке ишканалардын жаңы автобустарды сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Бул маселе мыйзам жагынан чечилсе, биздин ишкана насыяга автобустарды алса, башкаларга салыштырмалуу кайра аны төлөп берүүгө кудурети жетмек деп ойлойм. Өкмөттүн 217 токтому бар. Ал токтом жокко чыкса, бизге  ушул багытта иш алып барганга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бул боюнча министрликке сунуш кылганбыз. Сунуш жактырылган болчу. Калганын  эми убакыт көрсөтөт.

—Автобекеттердин  ахыбалы талапка жооп береби?

 —Жалпыга белгилүү болгондой аймактардагы автобекеттердин  ахыбалдары талапка жооп бербейт,  көбүнө капиталдык ремонт керек. Биз өзүбүз тапкан кирешенин эсебинен: жарактан чыгып бараткан автобекеттерди сактап калуу маселесине күн тартибине койгонбуз. Мисалы, алыскы Ак –Талаа, Базар-Коргон, Ала-Бука райондорундагы  автостанциялардын чатырларын алмаштырдык.  Ошондой эле Жалал-Абад автобекети толук капиталдык ремонттон  өттү. Нарындагы облустук автобекетти да салынгандан бери бир да жолу оӊдоо-түзө болгон эмес. Ага  да 700 миӊ сомдон ашуун каражат бөлүп, ремонт иштерин жүргүздүк. Андан тышкары, автобекеттерде жүргүнчүлөрүбүзгө ыӊгайлуу болушу  үчүн бардык шарттарды түзүп жатабыз. Ал эми Ош автобекети 2010-жылдагы июнь окуясында таланып-тонолуп, өрттөнүп — күйүп кеткен. Аны да калыбына келтирүү иштерин былтыртан бери колго алып, тиешелүү каражаттарды бөлүп берип жатабыз. Эми ал жакта жасай турган иш көп, акырындык менен баары жасалат. 

—“Кыргызавтобакеттин” чечилбей жаткан кандай чоӊ көйгөйү бар?

—1995-жылдары да автобекеттер өз алдынча ишкана болуп турган мезгилде Манас-1000 жылдыктын алдында Түркиядан  насыясы менен  бир топ автобустарды алышкан экен. Ал учурдагы доллардын курсу менен азыркы курстун айырмасы чоӊ болуп кетип, натыйжада карыздардын көбөйүшүнө алып келген.  Бирок ал алынган каражат убагында максаттуу пайдаланды деген  суроого так жооп берүү да кыйын. Бул жагы чын эле күмөн ойго тартат. Мисалы, биз ошол насыяга алынган автобустардын бирин бирөөнүн гаражында бузулуп жаткан жеринен алдык. Чынын айтканда, ага чейин кандай иш жүргөн, эмнеге карыз болуп калышты, бул маселенин баары азыркыга чейин ачык бойдон калып калды.  Ушул багытта иш жүргүзүү үчүн насыя алган кээ бир ишканалар карызынын көлөмү 200 миллионго чейин жетет. Ал эми Бизге тиешелүүсү болсо 9 миллион сомдун тегереги. Андан бери бир топ мезгил өтсө да алардын алган насыялары бизди жоопкерчиликтен бошотпой турат. Бул карыз маселеси Жогорку Кеӊештин депутаттары, ишканалар тарабынан да көп жолу көтөрүлүп, бул карыздарды жоёбуз деген сунуш болгон. Бирок ишке аша элек.  Эми буйруса, Өнүктүрүү фонду тарабынан каралып жатат. Кандай болгон учурда карыздан кутулуу биздин моюнда турат.

—Эми ишкананын өзү тууралуу  учкай маалымат айтсаңыз.  Жамааты, материалдык базасы,   айлык  маселеси канааттандыралыкпы?

—Жалпысынан бизде аймактардагы кызматкерлерибиздин баарын эсепке алганда 320 адам иштейт. Айлык маселеси талапка аңылайык деп айта албайм. Чынында айлык аз. Минималдуу көрсөткүчтүн эсебинде. 5-6  миң сом алып иштегендер да бар. Былтыр бир ирет айлык көтөрүлгөн, быйыл да жетекчилик кызматтарда эмес, жөнөкөй кызматкерлердин айлыгын көтөрүү боюнча жогорку жактарга сунуш берели деген оюбуз бар. Материалдык базабыз укмуш деп айта албайм. Бирок ишти уюштурганга мүмкүнчүлүк берет. Биздин ишкана мамлекеттик казынага киреше бере турган ишкана болуп эсептелгенден кийин,  биз өз шартыбызга жараша кирешени көбөйтүү үчүн бар аракетибизди жумшап жатабыз. Аймактардагы филиалдардын, автостанциялардын жетекчилерине эскиче иштегенден арылууну талап кылып, жаңыча ыкма менен иштөөнү түшүндүргөнгө аракет кылдык. Чынында биз жалпы жамаатка биринчи кезекте өзүбүздүн муктаждыктарды чече албай жатсак, мамлекетке кантип каражат төгүп турабыз деген маселени койдук. Баары бул маселени туура түшүнүп, бар аракеттерин жумшап иштеп жатышат.

                                                                 Суроо салган Айбек Шамшыкеев