Сэм кышты профессионалдуу кыш койгучтардан 6 эсе тез коёт

Курулуш жаатында дагы жакшы жаӊылык. Жакынкы аралыкта Улуу Бриталиянын курулуш тармагында жаӊы жаӊылык болду. Сэм аттуу кыш койгон робот профессионалдуу кыш койгучтардан 6 эсе тез жана сапаттуу коёт. Буга чейин АКШда кеӊири колдонулуп келген. Ал бир иш убактысында 3000 кышты коё алат. Сэм Нью-Йоркто Construction Robotics компаниясынын адистери тарабынан куралган. Кыш коё турган жерге ал алгач даяр болгон аралашманы куюп, андан кийин роботтун колу кышты коё баштайт. Мунун бир жаман жери курулуш тармагында бир топ жумушчуларды ишсиз калтыра турган робот экен деп экспертер айтышууда.

https://www.youtube.com/watch?v=OwxAHv4ey7g

АКШнын аскерлери оор курал көтөрүү үчүн робот кол ойлоп чыгарышты

АКШнын аскерлеринин жүгүн кичине жеӊилдетиш үчүн атайын оор куралдарды көтөрө турган робот кол ойлоп чыгышты. Army Research Laboratory азыр ал робот колду тестирлөөдөн өткөрүшүүдө. Аны атайын ок өтпөөчү өпкө капка тагып алса болот. Салмагы 9 кг болот.

Электромобиль Sedric

Volkswagen Group компаниясы шаарга ылайыкташкан «Sedric» электромобилди ойлоп чыкты. Абдан ыӊгайлуу жана баарына бирдей болот. Өзгөчөлүгү 4 дөӊгөлөктүү унаа электр кыймылдаткычы менен. Анда руль, педаль жада калса смартфондун жүктөмөсү да жок. Аппарат үн аркылуу кардарларын алат жана каалаган жерине жеткирет. Sedric 5 адамга ылайыкташкан. Сиз ага каалагандай отуруп, жата аласыз жана чай ичсеӊиз да болот. Бирок, унаанын отургучун булгабашыӊыз керек. Аны чакырыш үчүн болгону бир баскычты басасыз.

 

Автор: Самара Саламатова