Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Ал 62 килограмм салмак ченинде күрөштү.

Тыныбекова финалда жапон спортчусу Юкако Каваи менен күч сынашып, 8:6 эсебинде жеңишке жетти.

Ал 2016-жылы Бангкокто жана 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган болчу. Рио-де-Жанейро өткөн Олимпиадада бешинчи орунду алган. Ошондой эле Азия оюндары жана Ислам тилектештиги оюндарында чемпиондукту багындырган. 2017-жылы Дүйнө чемпионатынан коло алган. Мындан сырткары, күмүш, коло медалдарды бир нече ирет уткан. КРдин эмгек сиңирген спортчусу, «Даңк» медалынын ээси.