Бул туралуу маалыматты «Турмуш» басылмасы жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып жазып чыкты.

Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканада каза болгон адамды тайыз жерге көөмп коюшкан. Ал жердин тереӊдиги болгону 60 гана сатниметр экени айтылат. Маркумду эки күн мурун көмүшкөн.

https://www.facebook.com/100014050816319/videos/600340940444261/?id=100014050816319

А л эми аталган оорукананын жетекчилери болсо бул боюнча:

«Биз кайра трактор менен жерди терең казып, тиешелүү эрежелерге ылайык көмдүк. Негизи көр кишинин бою чыкпай тургандай кылып терең казылат. Бул таштак жер болгондуктан биздин кызматкерлер тайыз казып коюшкан окшойт. Мындай нерсе биринчи жолу болду. Биздин жумуш өтө оор. Оорулуу адамдардын көбүнүн туугандарынан кабар жок болот. Ошондой адамдарга айыл өкмөттөн бөлүнгөн атайын мүрзө бар. Эгер оорулуу адам каза болсо, анын туугандарына кабар берип, 3 же 5 күн күтөбүз. Эгер туугандары жок болсо, анда биз ушул жерге көмөбүз», — деп билдиришкен. Белгилей кетсек, ооруканада 400дөй адам дарыланса, 1000ге жакын кызматкер эмгектенет.