КСДПнын Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтары өзгөргөнү маалым болду. Ал маалыматта партиянын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн. Партиянын жайгашкан дареги Эркиндик 45 дареги деп көрсөтүлгөн. Юстиция министрлиги

5-апрелде Абдрахмановдон КСДПнын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама бергенин тастыктады.

Белгилей кетсек, Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын былтыртан бери жетектеп келет. Алар ушул айдын башында курултай өткөрүшкөн. КСДПнын лидери Атамбаев тарап ал курултайды мыйзамсыз, ажсалма экенин айтып чыккан