Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 11-апрелде саат 14:00 чамасында Кара-Балтада 31 жаштагы келин кайнатасынын үйүнө келип, сейфте катылуу турган карабин мылтыгын алып, өзүн сол жак көкүрөгүнө атып жибергендиги боюнча маалымат таратты. Келин жараатынан ал ооруканага жетпей каза болгон.

Маркум өмүрүнө кол салардан мурун «өлүмү үчүн эч кимди күнөөлөп кереги жок» деген кат жазып калтырган. Иликтөө учурунда келин күйөөсү менен жашап жүргөнү, экөөнүн жети айлык кызы бар экени аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда былтыр 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. 2017-жылы 490 киши жанынан кечсе, алардын 91и аялдар болгон.