— Жанара айым, сизди дароо эле чыгармачыл дүйнө кучагын  жайып тосуп албаса керек? Алгач ушул тууралуу айтып берсеӊиз?

— Чыгармачылык менин каным менен жүргөндөй. Себеби, баары бир ушул чөйрө мени тарта берер эле.  Экинчи курста жүргөн кезде КТРга алып баруучулукка кастинг жарыяланганын угуп калдым да, дароо катышууга жөнөдүм. Кудайдын буйругу менен андан өтүп, эртен эфирге чыгаарым белгилүү болгондо күтүүсүз дагы бир кастингден өтүп кеттим. Ал Сыймык Бейшекеевдин группасына ырчыларды тандоо кастинги эле. Ошентип ыр дүйнө мага кызык көрүндү окшойт. Ырчылыкты тандап, окуумду сырттан окуу бөлүмүнө которуп, «гастроль» деген дүйнөгө сүңгүп кирип кеттим. Бир жарым жылдан кийин өзүмдүн кесибим менен иштөөнү  туура көрүп, жумуш издей баштадым. Бул учурда  «Кыргызстан обондору» радиосуна ди-джейлерге кастинг жарыяланганын угуп, бул ирет да кастингге жөнөдүм. Бактым күтүп турган окшойт. Бул кастингдин эшиги да мен үчүн ачык болуп, өтүп кеттим. Анан журналистиканын дүйнөсү кучагын жайып тосуп алды.

— Ошол көптөн күткөн күн келип, эфирге алгач чыккан күн эч качан эстен кетпесе керек?

— Оо ал күндү унутпайм. Ошол күнгө чейин жетиш үчүн Кыргызстан обондорунда бир ай жашадым. Түнкүсүн туруп,  эч ким укпайт деген ой менен   эфирге даярданып жүрдүм. Анан чыдамсыздык менен күткөн эфир да келди. Башкалар 30  секундда сөз сүйлөшсө, ал күнү мага 3 мүнөттүк жаңылык туш болду. Айла жок максат күтүп турат.  Окуганга туура келди. Жакшы эле окуп бараткам. Жаңылыктын соңунда спорттук блок  бар экен. Анда бир спортчу бирөөнү чыканагы менен түртүп кеткендиги баяндалат. Жакшы эле окуп баратып, чыканакка жеткенде «чык» дедим да токтоп калдым. 3 жолу блокту башынан окудум, 3 ирет окуган сайын дал ошол сөзгө келгенде токтоп калам. Эмне себеп болгонун билбейм.  Акыры ошол жерден жаңылыкты токтотууга туура келди. Ал учур эч эсимден кетпейт. Ошондо мени сүрдөбөсүн деди окшойт, бир чети эжем, бир чети мугалимим Лилия Абдубаитова  ийинимен басып, мен жаңылыкты окуп бүткөнчө кучактап турган.

—                    Бул чөйрөгө аралашып калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

—                    Жок, өкүнбөйм . Мага кайра жашоо берсе, мен кайра эле ушул кесипти тандамакмын.

—                    Азыркы көп жаштардын сүйлөө кептери бузулуп, сөздөрдү туура эмес айтып  жатышат. Буга сиздин оюңуз кандай?

—                    Оо бул менин жинимди келтирген эң негизги маселе. Кээде аябай жиним келгенде редакциясына чалып  алып, урушкан күндөр да болот. Жумуштагы ар бир кесиптештеримдин сүйлөгөнүн оңдоп атып жаман көрүнөм. Жада калса, жолдошумду да таза кыргызча сүйлөгөнгө үйрөтүп келем. Анткени, мектепте орус класста окуган. Башында ристин кыргызчасы кандай дечү эле. Азыр алда канча кыргызча оюн жакшы айтат.

—                    А сиз өзүңүздүн эфирди кайра угасызбы?

—                    Ооба. Азыр техника өнүккөн мезгил го. Эфиримди кайра угуп, көрүп чыгып, кемчилик издеп тапканга аракет кылам. Ал тургай ата-энем, бир туугандарым, тааныштарыма да көргүлө деп айтып, сын-пикир айткыла деп суранам.

—                    Сиздин бакытка бакыт кошкон үй-бүлөңүз  тууралуу да билгим келет…

—                    Мен үчүн үй -бүлөм эң кымбат. Мен өтө бактылуумун. Аны сүрөттөгүм келбейт. Көз тийет деп корком. Үй -бүлөм, балдарым дегенде баарын таштайм. Ошондон уламбы атактуулукка умтулбайм, өзүмдү жарнамалабайм. Менин жашоом – калейдоскоп. Өтө кооз. Ар бир жашоомду ар кыл түскө боёгум келет. Балдарым, өмүрлүк жарым, бир тууган, ата-эне, кайын журтум, дос-жоролорум, коңшу-колоңдорумдун баары менен жашоомду түркүн кылып боёп турам. Тун балам 10 жашта болсо, кызым 6га  чыгып калды. Экөө тең мектепте жакшы окушат. Бул биз үчүн — сыймык! Ата-энем кашымда, өмүрлүк жарым жанымда, кайын журтта авторитет жакшы (күлүп). Дос-жоролор сыйлап турушса, бир туугандарым кемчилигим оңдоп, жамандан коргоп турушат.

—                    Чыгармачыл чөйрөнүн адамы болгон соң жашооңузда өзгөрүүлөр болдубу?

—                    Чыгармачыл чөйрө мени өзгөрттү. Мурун ыр жазчу элем азыр жазбайм. Себеби, акындар азыр көп,  сапатсыз жазып алуудан корком. Мурун шок болсом, азыр токтоомун. А бирок, мурун алсыз болсом, бул чөйрө мени күчтүү кылды.

—                    Бүгүнкү күнү купулуңузга толгон ди-джей барбы?

—                    Уучубуз  куру эмес, мыктылар көп. Мен ишенип, мен баалаган жаштар көп. Алардын бирин эле айтайын: ал өзүмдүн окуучум Чыңгыз Мырзаев. Алып баруучу катары бийик баалайм!

—                    Чыныгы бактылуу айым кандай болот? Сүрөттөп бере аласызбы? Сиз өзүңүздү бактылуу айыммын деп айта аласызбы?

—                    Мен бактылуу айыммын. Айымдын бакыты – балдары менен өмүрлүк жары. Исламда мындай деп айтылат: “Эркектин бейиши энеси, аялдын бейиши күйөөсү”.  Демек, аздектеп турган жарым, апалап турган балдарым, жеңе деген кайын сиңдилерим, “келин” деп чакырчу кайын агам, кайын эне-эжелер бар. Эрте туруп бара турган ишим бар да, кечинде чайын коюп күтүп алчу кишим бар. Баш калкалаар үйүм бар. Алты саным аман. Сол жак ыптамда согуп турган бир муштум этте чоң сүйүүм бар. Мындан өткөн бакыттын өзү да жок болсо керек?!.

Маектешкен: Кубанычбек кызы Калия

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here