Азамат Токтоналиев, ИИМдин  Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы:

—Эркин Мамбеталиев, “Лимонти” боюнча эмне айтасыз?

 —Ал тынч эле өз оокаты менен алек болуп жүрөт. Анын үстүнөн бир да арыз түшкөн жок. Убагында бизнес менен алектениптир. Ошол иштерин улантып жүрөт го. “Лимонти” болсо түрмөдө. Анын жаза мөөнөтү 2032-жылы аяктайт.

Мен баса айтып кетет элем, УКТнын мүчөсү болуп,  өзүн кыйын сезишип, ар кандай кылмыштарды кылып, кутуруп жүргөндөрдүн баарынын орду түрмөдө. Алар эртеби-кечпи, кармалып, эркиндигинен ажырап, өз турмуштарына балта чабышат. Кыскасы,  бул жолдогулардын жашоосу жакшылык  болбойт, өмүрү да өкүнүч менен аякташы толук мүмкүн.

Айтканыңызда калет жок. “Лимонти” менен менен “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов ортосунда чыр чыгып, “Лимонтиге” 14 миллион сом “салык” салгандыгы айтылууда. Экөөнүн ортосундагы чырды ачыктасаңыз?

-Жумагулов акыркы жолу Жогорку сот тарабынан 7 жылга кесилген. Ал Кеминде жатак абагында жазасын өтөп жатат. Экөөнүн илгертеден чыры бар.  Болбосо экөө тең эле Камчы Көлбаевдин таасирдегилер. Жумагуловду  зонага “смотрящий” же “положенец” кылып коёлу дешсе,  “Лимонти” аны койдурбай эле, анын балдарын жолотпой эле, айтор экөө таасир талашып келатышкан. Жумагулов “Лимонтиден” өч алганга аракет кылып, зонадагы “общактын” акчасын жоготуп койгон деп күнөөлөп жатат. Ортодон акча жоголуп кеткен фактылар да болсо керек.

Экөөнүн ортосундагы чырды Көлбаев басып коёт да…

-Азыркы учурда Камчы Көлбаев Кыргызстанда жок да. Ошонун келишин күтүп жатышат го. Ал келсе,  мындай ишти чечет да.

—Түштүктө крим чөйрөнү көзөмөлгө алып жатат делген Кадыр Досонов (каймана аты “Женго”) Көлбаев менен таасир талашканга аракет кылып жатыптыр деген маалыматтар чыкты эле. Бул маалымат канчалык деӊгээлде чындыкка жатат?

—Мындай маалыматты биз да окудук. Бирок туура эмес маалымат. Эч кандай таасир талашууну байкаган жокпуз. Башынан эле Камчы менен чогуу болчу. Кезинде чогуу качышкан.  Биз тараптан да ЖМКга чыккан ушу сындуу маалыматтарга тиешелүү чаралар көрүлүп турат. Досонов  эркиндикке чыккандан бери Ошто эле. Ашып кетсе 2 жыл ичинде Бишкекке 3 ирет келип кетти. Анын деле крим чөйрөдө таасири жок. Ал да катуу көзөмөлдө. Крим чөйрөгө атайы чагымчыл маалыматтарды тараткандар да жок эмес. Жалган маалымат таратып коюшуп, реакция кандай болот деп акмалап турушат. Жэ кээ бирөөлөр эки адам мушташа кетсе деле, айрым учурларда бирөөсүн УКТнын лидеринин жигити экен деп жазып салышат. Эл болсо андай маалыматка ишенип калат. Ошон үчүн мен жазмакерлерге маалымат жазарда бизге кайрылып, тактап жазыӊыздар деп суранат элем.

Уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү болуп келген балдардын көбү түрмөдө да. Алардын саны канча?

—Болжолу 150гө чукул. Баары эле Көлбаевдики эмес, алардын арасында Батукаевдин  жана башкалардын балдары бар.

 —Уюшкан кылмыштуу топтун белгилүү лидерлери коркутуу-үркүтүү жолу менен чоӊ-чоӊ ишкерлерди атайын “учётко” алышып, ай сайын алардын бизнесинин кирешесинен белгилүү өлчөмдө үлүш алып келишет эмеспи. Бул көрүнүштү четке какпайсыӊар да…

—Мындай көрүнүштөр 2012-жылга чейин  бир топ өрчүп кеткен. Акыркы учурларда жокко эсе. Себеби, биз баарын катуу көзөмөлгө алып жатабыз. Уюшкан кылмыштуу топтун балдары  мурункудай  зордук, талап-тоноо, каракчылык кылмыштарын көп кылбай калышты. Алар акыркы учурларда  70-75 пайызы алдамчылык кылмыш иши менен алектенип жатышат. Бирөөлөрдөн акча же, мүлк карыздап сурап алышат, же бир ишти чогуу баштайбыз деп ишенимге киришип, алдап кетет, же алганын кайтарып бербей тил эмизип  жүрө беришет. Мындайча айтканда, алар үчүн кылмыштын ушул түрү жеӊил жана ийгиликтүү сезилип жатат окшойт. Бирок биз кандай кылмыш болсо да өз убагында көзөмөлгө алып, тиешелүү чараларды көрөбүз. Бир нерсени айта кетейин, бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топко такыр тиешеси жок балдар да бар. Алар мурун ар кандай кырдаалдарда атайын тизмеге алынып калышкан. Мисалы, 2006-жылдары Мотуев балдары менен барып Кара-Кечедеги “Беш-Сарыдан” Камчыбек Жолдошбаевди кууп чыккан окуяда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делип, атайын тизмеге алынып калган балдар да бар.  Эми аларга азыр Көлбаевди да, Токтосуновду бетине коюп койсоӊ таанышпайт. Ошондой жол менен да УКТнын саны көбөйүп кеткен. Мына ушул жагын да эске алуу абзел. Ошондой эле жаш чагында жаӊылып, анча-мынча кылмыштарга катышып, УКТга мүчө болгондордун көбү азыр жай турмушта, башка иштер менен алек болуп келатышканын биз жакшы билебиз. Мен 2007-2015-жылдары ушул башкармалыкта иштегем. Бизде тажрыйба да, толук маалымат да жетиштүү.

—Азыр “учётко” алмай кылмыш такыр жок дегени турасызбы?

—Такыр жок деп айтыш кыйын. Балким бизге арыз жазбай, билдирбей иш кылгандар бардыр. Бирок андай кылмыштар азырынча каттала элек. Өткөн жылы төбөсү көрүнгөн, өздөрүн лидер,  “смотрящий” сезгендерден 10дон ашуунун кармадык. Мурун кайсы бир райондун, же облустун, шаардын “смотрящийимин” деп мактанмай, чын эле “мода” болуп кеткен. Азыр антип мактангандарды дароо эле текшерүүгө алып, тиешелүү чара көрөбүз. Жакында 8 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн  Аманкулов Бакытты (каймана аты “Баха”) Алматы шаарынан биздин балдар кармашты. Ал “ Чүй облусунун “смотрящийимин” деп өзүн кыйын сезип, бир топ оор кылмыштарды кылып келген.  Азыр аны Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат. Негизи биз аны Кытайда жүрөт деп укчубуз, көрсө казак паспорту менен Казакстанда эле жүрүптүр.

ЖМКда көп талкууланган  айрым криминалга байланыштуу маалыматтардан учкай айта кетсеңиз…

—Токмокто катталган кылмыштарга карата айрым такталбаган маалыматтар чыкты. Биз алардын баарын тактап, туура маалыматтарды берип жатабыз. Кой-Ташта сөөгү табылган дарыгердин өлүмүн да криминалга байлашканга аракет кылышты. Биз ал кылмыштуу  окуянын чоо-жайын толук ачтык. 23 жаштагы тиш дарыгери  сүйгөн кызына таарынып, өзүн-өзү атып өлтүргөн. Себеби, кыз ага турмушка чыгуудан баш тарткан. Сөөктүн жанынан “Малевич” арагы табылган. Ал аракты кайсы дүкөндөн, кайсы учурда  алганы да камерага тартылып калган.  Кыскасы, биз баарын тактадык. Ал эми өзүн аткан тапанча болсо 2005-жылдагы революцияда Жалал-Абад шаарында баш аламандыктарда жоголгон милициянын  тапанчасы  болуп чыкты. Негизи өздөрү түпкүлүгү ошол тараптан болот.

              Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

PS Белгилей кетсек, аз күн мурун соцтүйүндөргө түрмөдө жаткан аялдын Камчы Көлбаевге кайрылган тасмасы жарыяланган. Ал тасмада Ч. Жумагулов менен «Лимонти» тууралуу айткан. төмөндөгү тасма: