Кыргыз коомчулугунда криминалдык чөйрөнүн өзүнчө бир салмактуу орду бар. Бул нерсе канча ирет талкууга, канча ирет сынга алынып келатканы менен талапка ылайык майнап чыкпай келет. Себеби, кыргыз криминалы алсыз эмес, кыйла алдуу эле. Анан калса айрым учурларда бийлик менен шилекей алышкан дос болуп, өз  максаттарын  ийгиликтүү ишке ашырып келатканы жалпыга жакшы маалым. Бийлик болсо, бул маселени билип турса да билмексен болуп коёт. Мунун себеби да түшүнүктүү. Эмнеге дегенде бийликтин шайлоо жана башка өзгөчө бир учурларда “каралардын”  кара күчүнө таянып, иш жасашканы эч кимге жашыруун эмес.  Эми бул сөзүбүзгө бир мисал келтирели. Борбор шаарыбыздан 450 чакырымдай алыс жайгашкан айтылуу Кара –Кече “кара алтын” кенин баарыбыз жакшы билебиз. Мына ошол кен союз жылдарынан бери Кыргызстандын түндүк аймагын толугу менен көмүр менен камсыздап келет. Учурда Жумгалдын Кара-Кече, Миӊ-Кушта жайгашкан көмүр кендеринин саны 14кө жетет. Бирок ошолордун ичинен бир гана “Беш -Сары” көмүр карьери мамлекеттик ишкана болуп эсептелет. Калганы жеке менчик.  Ал эми “Беш-Сарыда” мамлекеттен мурун жеке кызыкчылыкты көздөгөндөр, чоң муштумдар илгертен көп болуп келген. Андай терс көрүнүштөрдүн айынан буга чейин ар кандай кырдаалда бир катар жаш жигиттердин өмүрү кыйылып кетти.

 Чынында  Кара-Кече ушу күнгө чейин “каралардан” арыла элек. Болгонда да  “Беш -Сары” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Аят Сансызбаевдин “кара” экенин бир гана жумгалдыктар гана эмес, жалпы эле коомчулук жакшы билет. Ал  ИИМдин атайы катоосунда 2011-жылдан бери турат. Аят мырза, бул кызматка 2014-жылы 5-июнда  эле дайындалган. Ошондон бери былкылдабай, өз “саясатын” жүргүзүп келет. Кызматка дайындалгандан көп өтпөй ал тууралу ар кандай сөздөр кетти. Ал сөздөрдү ИИМ да тастыктап, 2016-жылы эле маалымат берген.

  Төмөндө ИИМдин маалыматтан көңүл бөлөлү: ИИМ: «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын директорунун орун басары  Аят Сансызбаев Рыскулович  1974-жылы Чүй облусунда (Кемин району ) туулган. Мурда үч ирет сот жообуна тартылган.
Айыптоолор:
— 1994-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 108-беренеси, 124-беренеси («Адам сатуу») менен 7 жылга эркинен ажыратылган (1994-жылдын апрелиндеги мунапыска илинген).
— 1999-жылы 173-берене («Ишенимге кирүү же мүлккө зыян келтирүү») менен 5 миң сом айып төлөгөн.
— 2000-жылы 170-берене («Опузалоо») менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылган (КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине ылайык 3 жылга шарттуу түрдө).
«Ошондой эле, А.Р.Сансызбаев К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү жана Кара-Кече көмүр кесиминдеги коомдук-саясий кырдаалга тиешеси бар», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

 Баса, ИИМдин маалыматына тактоо киргизели. Санысызбаев Көлбаевге чейин маркум Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп келгенди тууралуу да маалыматтар бар.
   Белгилүү болгондой, Сансызбаев 2014-жылы   Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту 2014-жылы соттуулугун алганга жетишкен. Кандай жол менен алгандыгы да өзүнчө бир маселе экени талашсыз. Кара-Кечедеги “Беш-Сарыны” мына ушундай адам өз каалгандай башкарып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Чынында Кара –Кечеге көмүргө Бишкек ж.б. жактан барган Хо, КамАЗ баштаган оор жүкташуучу машиналардын айдоочулары  он күндөп кезерип  кезекке туруп, көрбөгөндү көрүп келишет. Ал эми Санызбаевдер өз унааларына, тааныштарына  кезексиз, кезек көмүрлөрдү жүктөтүп, алдыга коё бермей көрүнүштү эчактан адатка айлантып алышканын көмүрчүлөр менен Жумгал эли жакшы билет. Бийликтин  эмнеге бул маселени чечкиси келбейт? Же аларга Сансызбаевге окшогондордун иштеп турганы ыңгайлуубу? Чынында “Беш-Сарыдан” казылып алынып жаткан “кара алтындан” миллиондогон каражат түшүп жатат. Бирок ошонун баары казынага толук түшүп жатабы? Бул жагы да чоң суроо туудура турган маселе. Санысызбаевдин Кара-Кечени каалашынча калчап жатканы тууралуу да көптөгөн маалыматтар бар. Азырынча алардын баарын жайнатып жазбай туралы. Балким, өкмөт карапайым калкты ойлоп, бул маселени талапка ылайык чечип калгысы бардыр.

Урмат Кабылбеков

булак: Багыт