Ырчы Юлия Началова ооруканада жатып көз жумду. Бул туурасында анын пиар-директору Анна Исаева соц. баракчасына жазып чыкты.

«Бир саат мурда биздин Юлиянын жүрөгү сокпой калды», — деп жазды ал социалдык тармакка.

Бир нече күн мурда ден ссолугуна байлагыштуу  Началовага операция жасалып, 17-мартта  реанимацияда жатканда жүрөгү токтоп каза болгон.
Юлия Началова сахнага беш жашынан тарта ырдап чыккан. Биринчи ирет элге балдардын “Таңкы жылдыз” телесынагына катышып таанылган. Ырчылык карьерасында музыкалык сегиз альбом чыгарган.

https://www.youtube.com/watch?v=TmTskneuGiU