Кечээ күнү кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыкты. Окуя болгон жерде  Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жибергенинин  Кыргызстандын Чек ара кызматы таратты. Маалыматта:  «Чек арачылардын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине карабастан, эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочулары бири-бирине агрессивдүү мамиле кылып, натыйжада тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти», — деп  айтылат. Айрым маалыматтарда жарадар адамдар бар экени айтылууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өттү. ал эми бүгүнкү маалымат боюнча бул  жаңжалдан бир адам көз жумуп, 20дай киши жаракат алгандыгы айтылууда. . Мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунун Кожоало айылынын тургуну.  Чырдан жабыр тарткан Кожоало айылынын дагы үч тургуну Исфара шаарындагы ооруканасына жаткырылган. Учурда абал турукташты.

Буга чейин Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салышканы маалым болгон . Ага жооп кылып,  кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолун жабышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык буга чейин, 13-март күнү күндүз Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап нараазылык билдирип чыккан. Ак-Сай айылынан 50 кыргызстандык, тажик тараптан 70 тургун келип, бири бирине таш ыргытышкан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип, токтотушкан.