Жаратканым, Сага сансыз ракматымды айтам. Сенин жакшылыктарыңды санап бүтүү мүмкүн эмес. Триллионду санап аягына чыксаң болот, бирок сен берген, берип жаткан жана бере турган жакшылыктарыңдын эсеби табылбайт… Мындан төрт жыл мурда “Ыйман” фондуна алып келдиң эле. Чынында ишти кайда келгенимди, эмне үчүн келгенимди толук түшүнбөй баштагам. Сенин жардамың менен бир топ жумуштарды жасаганга аракеттендик, долбоорлорду жүзөгө Кашырдык. Диний сабаттуулукту көтөрүү системи жолго коюлгандай болду. Далай китептер басылды, которулду. Тасмалар тартылды жана кыргызчаланды. Диний мекеме-уюмдар эле эмес мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык уюмдар, жаштардын, аялдардын, жазуучулардын бирикмелери менен тыгыз кызматташтык. “Интеллектке инвестиция” долбоору менен бүт Кыргызстанды түрө кыдырдык. Окуу жайлар, мектептер, аскерлер, коопсуздук кызматы, укук коргоо органдары жана куралдуу күчтөр менен акыл жана рухка азык тапчу, динди туура эмес максатта пайдалангандардын бузуку аракеттерин алдын алчу далай амалдарды жасадык. Адеп державасына айланалы деген максатта “Мекенибиз – жүзүбүз!” долбоорун баштап, ак байрактарды көтөрүп, бири-бирибизди түкүрбөөгө, ыргытпоого, сөгүнбөөгө, жылмаюууга, кичи пейилдикке, убакытты сыйлоого чакырдык. Элибиздин башы жана жүрөгү биригип, ортодо урмат-сый, кайрымдуулук күчөсө деп “Батасын ал!” демилгесин көтөрдүк. Бир жылда КМШда, жети жылда дүйнөдө китеп окуу боюнча алдыга озгону “Китепкөй улут” долбоорун баштадык. Ыктыярчыл дух менен мекенге кызмат кылчу жаштар көбөйсүн деген ниетте дарстарды, семинарларды өттүк…
Адамга ракмат айта албаган Жаратканга да ракмат айтпайт дейт. Бул иштердин баарын чогуу кылдык. Бизге ишеним көрсөтүп дайындагандарга, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон үзөңгүлөштөргө, кесиптештерге, эл аралаганда Бакай атадай баркашыбыз, баш-көзүбүз болуп жүргөн Э. Эрматов, Н. Алымбеков, М. Ааматов, К. Бакиров, Г. Мадаминов, С. Рыспаев, К. Молдокасымов, Т. Чоротегин ж.б. сыяктуу аксакал аталарыбызга, агайларыбызга, ыкластуу кызматын аябаган ыктыярчыларыбызга, жер-жерлерде жылуу тосуп-узаткан, иш-чараларды уюштурган шериктештерибиз – демилгечилерге, атка минерлерге, мугалимдерге, кылганыбызды кызыктуу чагылдырып берген журналисттерге, китептерди сапаттуу басып берген “Турарга”, таасын тасмаларды кыябына келтире тарткан режиссерлорубузга, чоң демөөрчүлүк кылган түркиялык бир боорлорубузга, “Ихлас” курулуш компаниясына, чет элдеги мигрант кандаштарыбызга, демибизге дем болуп, шарт түзүп берген үй-бүлө мүчөлөрүнө, ар-бир иш чарабызды нурга бөлөп жандуу катышып берген илимге, насаатка суусаган келечектүү, ыймандуу студенттерибизге жана мектеп окуучуларына, демилгелерибизди колдоп берген жетекчилерибизге, эң башкысы качан барбайлы бажырая тосуп алып, батасын берип узаткан берекелүү элибизге, айтор жакшылыкка себеп болуп, калкыбыздын рух көрөңгөсүн көтөрүү ишине көмөк көрсөткөн ар бир инсанга чын дилден ракматымды айтам. Иш учурунда билип-билбей тилим, мамилем менен ким бирөөнүн акысына кирген болсом, көңүлдөрдү оорутуп алсам кечирим сурайм. Жараткан баарыбызга ынтымак берсин. Тазалык, такыбалык, руханий бийиктик насип этсин. Ийгиликтин ашууларын ар дайым биримдикте чогуу ашалы. Дубаңыздарга, батаңыздарга татыктуу болуу буюрсун. Элибизди Жараткан колдоп, жолдоп жүрсүн! Ар бир амалыбыз жана кадамыбыз Жаратканыма жаксын.
Буюрса, башталган демилгелерди аягына чогуу чыгарабыз!
Дагы бир жолу чооң ракмат.