Кыргызстандын ички иштер министрлиги Астанадагы (Казакстан) кыз зордуктоого катышкан кылмышкерди издейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Окуя 2017-жылдын 23-ноябрында болгон. Астананын жашоочусу Саина Раисова балдардын  тобу менен зордуктоосуна кабылган. 26-жаштагы кыз көп убакыт таарынышып жүргөн  жигити менен элдешүү максатында жолугушууга барган. Бирок, жолугушуу зордуктоо менен аяктаган. Жигити кызды досу менен тосуп алып, аны күч колдонуу менен зордуктап, ал учурду телефондун видео-камерасына тартып, кызды коркутушкан. Зордукчулардан кутулуу үчүн Саина 3-кабаттын терезесинен секирип, көп жаракат алып, операция болуп, жакшы болгон.

Саина өзүн таштап койбостон балдарды сотко берип, жыйынтыгында балдардын бири 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми экинчиси кармала элек. Ал  Абылкасымов Шокан Каршигаевич. Шокан тууралуу  Facebook  колдонуучусу  Dina Tansari билдирүү жазып, ал  Кыргызстанда жашырынып жүргөнүн билдирди.

#репостЭто Абылкасымов Шокан Каршигаевич 1993 г.р., Опасный преступник. Он спланировал групповое изнасилование своей…

Опубликовано Dina Tansari Воскресенье, 3 марта 2019 г.