Түркияда кыргыз кыздарды кыйнап, сойкулук менен иштетип келген топ кармалды. Маалыматта сойкулук ишке кирптер болгон кыздардын саны он экени айтылат. андан тышкары, Азербайджан  жана  Узбекистандын да кыздары болгон. Кармалган 9 адамдын 4ү камакка алынган. Ал эми сойкулуктан бошонгон кыздарды  депортация кылуу үчүн Миграция кызматына жөнөтүлгөн.