Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Болгорияда өтүп жаткан  «Дан Колов – Никола Петров» Эл аралык турниринде коло медаль тагынды. 1-март күнү Тыныбекова италиялык балбан  Аврор Кампаньюнцун 11:0 эсеби менен, чейрек финалда швециялык балбан  Моа Лен Марияны  8: 1 эсеби менен уткан. Жарым финалда

Украиналык балбан Юлии Ткач Остапчук 10:11 эсеби менен утулуп калган. Коломедаль үчүн беттеште дагы бир швециялык балбан Малин Ойханна Маттссонду 4:1 эсебинде жеӊген. Айсулуу үчүн бул медаль быйылкы жылдын эсебинен экинчи медаль болуп калды. Ал жыл башында Францияда өткөн Эл аралык мелдеште алтын тагынган.

Чейрек финалда Швеция мамлекетинен келген Мария Нигренди 8:1 упай эсеп менен жеңген.

Бирок жарым финалда украиналык Юлия Ткач Остапчукту утуп алууга бири гана упайы (10:11) жетпей калды.