Акылбек Чолпокулович, акыркы жылдары Саламаттык сактоо тармагын реформалайбыз деп эле  талапка ылайык келбеген ар кандай иштер жасалып келет. Бул маселе боюнча сиздин жеке көз карашыңыз кандай?

—Мен жеке көз карашымды айтайын. Бул оюмду мен эч кимге таңуулабайм. Чынында союз мезгилиндеги медицина тармагына киргизилген система абдан туура болгон.  Бир сөз менен айтканда ал учурдагы медицина – профлактика жолу менен жүргөн система болчу да. Ооруларды пайда кылбоо үчүн алдына-алуу иш-чаралары абдан көп жүргүзүлчү. Союз тарагандан кийин ал ыкма көп колдонулбай калбадыбы. Өзүң айткандай буга чейин бир топ,  маселен: “Манас”,  “Ден-соолук” деп аталган реформаларын мисалга алсак болот. Анын баары, Дүйнөлүк банк, ПРООН, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуулардын “диктовкасы” болду. Ошон үчүн мен айтат элем, мисалы, Англиянын, же Американын реформасы бизге болбойт. Биз көрүнгөн эле мамлекеттер, же ири уюмдар акча беребиз десе, алардын сунушуна макул боло бербешибиз керек. Эгер баарына макул боло берсек, болгон системабызды талкалап бүтөбүз да. Ансыз деле акыркы 20-25-жылда чет  жактардан реформага деп келген  1 миллиардга жакын  каражат сарпталыптыр. Ал каражаттын кайда кеткенин да толук билбейбиз. Бирок  жыйынытыгы  эл күткөндөй болбой калды да. Реформа деген биздин менталитетибизге, шартыбызга жараша реформа жасалышы керек.  Мисалы, Эл аралык уюмдардын бере турган каражатын колдонуп, аларга да туура түшүндүрүп айтып, элге керектүү реформа жүргүзүшүбүз зарыл. Мисалы, Саламаттык  сактоо тармагындагы кайсы бир багыттарды жаап салуу оңой эле. Бирок ошол эле багытта кайра түзүү, жандантуу бир топ кыйынчылыкка турат. Ошон үчүн реформа деген терең ойлонулуп, анан ишке ашышы абзел. Мисалы, азыр айылдардагы ФАПтарга көңүл бурулуп жатат. Бул туура кадам. Эмнеге дегенде адамдардын оорусуна алдын-ала кам көрүү иши мындан да күчөтүлүшү керек. Азыртан кам көрбөсөк, кийин көп каражат да кетет, ар кандай оорунун зыяны да көп болуп калышы мүмкүн.

Төмөндө бул маектин видео-версиясы:

—Реформа дагы кандай багытта жасалышы керек?

—Биздин президент Сооронбай Шарипович, жакында чоӊ жыйында саламаттык сактоо тармагындагы, тагыраагы ооруканалардагы көмүскө экономиканы баса белгилеп айтып, ооруган адам ооруканага киргенден чыкканга чейин акча төлөй турганын мисалга келтирди. Президенттин бул сөздөрү абдан туура. Мен бул сөзгө 100 пайыз кошулам. Эмнеге дегенде биздин ооруканалардагы негизги медициналык жабдыктардын баары эскирип бүттү. Компьютердик томография деген сыяктуу жаӊы жабдыктар, тиешелүү лабораториялар  жок. Мына ушундан улам, мамлекеттик ооруканалар ооруп кайрылгандарды жеке менчик ооруканаларга жиберүүгө айласыз болуп жатышат. Ошондуктан жеке менчик клиникалардын элементтерин биздин мамлекеттик ооруканаларга да киргизиш керек. Мисалы, биздин госпиталда түштөн кийин медициналык ар кандай аппараттар колдонулбай турат. Себеби, негизги операциялар  түшкө чейин болот да. Түштөн кийин жөн эле бош тургузбай, ал аппараттарды оорукананын дарыгерлерине колдонууга уруксат беришибиз керек. Алар, 4-5, же андан көбүрөөк болуп биригип алып,  маселен, операциялык бөлмөнү, аппараттарды ижарага алып алып иштетишсе, мамлекеттик ооруканага да,  өздөрүнүн айлыгына да кошулуп пайдалуу болот. Ошентип, ооруканалардагы көмүскө экономика акырындап жоголот. Мына ушундай ыкманы республикадагы бардык мамлекеттик ооруканаларга киргизишибиз керек.

—Бул жакшы сунуш экен. Бул маселени ишке ашыруу үчүн өзүнчө мыйзам керекпи?

—Өзүнчө мыйзам керек болот. Ошондой эле ооруканалардын жобосун өзгөртүп, уруксат бериш керек. Ансыз деле бул мен айткан маселе боюнча пайданы  мамлекет эмес,  мамлекеттик ооруканалардын тегерегинде жайгашкан жеке менчик аптекалар, клиникалар  көрүп жатышат. Эл да кымбат экенине кайыл болуп, ошол жеке менчик клиникаларга барып жатышпайбы. Бул маселени ишке ашырып, талапка ылайык шарт түзүп койсок,  биз элге да кыйла жардам берген болот элек. Мен эки жыл катары менен Швейцарияда стажировкада болдум. Ал мамлекетте мен айтып жаткан маселе ийгиликтүү ишке ашыптыр. Мамлекеттик эле чоӊ оорукананын ичинде 10го жакын дарыгер акционердик коом сыяктуу уюм түзүп алып, элди дарылап, өздөрүнө да, мамлекетке да жакшы пайда алып келишет экен.

                                                   Маектешкен: Айбек  ШАМШЫКЕЕВ