Бул тууралуу маалыматты Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов маалымат жыйынында айтты. Ал:  «Кыргызстандан Сауд Аравияга 100дөн ашуун ат жиберилет. Анын 75и көк бөрүчүлөрдүн аргымагы болсо, калганы каскадерлордуку. Бүгүнкү күндө аттарга чип коюлуп, эмдөөдөн өтүп, паспорт даярдалып жатат. Сауд Аравия Кыргызстанга атайын учак жиберип аттарды жана катышуучуларды алып кетет. Чыгымдардын баарын уюштуруучу тарап мойнуна алган. Биз барып чыныгы көк бөрүнүн аттары кандай экенин жана кантип ойноо керектигин көрсөтөбүз. Башка өлкөдөн атаандаштарыбыз болбойт», — деди. Сamel fest аттуу эл аралык фестивал 2019-жылдын  9-23-март күндөрү өтүп, ага 95 мамлекет катышат. Кыргыз спортчулары көк-бөрү оюндарынан тышкары, кыргыз элинин башка улуттук оюндарын да көрсөтүшөт. Азыр бул фестивалга кызуу даярдыктар жүрүүдө. Бирок азырынча Сауд Арабия кыргыз спортчуларына канча каржат төлөп бере турганы ачыктала элек.