Жалпылап алганда ИИМдин ишин алдыга жылдырып  полковник Канат Жумагазиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин: ИИМдин 10-башкармалыгын,  Биринчи Май райондук милициясын, Чүй облустук  башкы башкармалыгын, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгын жетектеп, бай тажрыйба топтогон. Ал өз ишинин майын чыгара аткарган татыктуу кадрлардын бири. Маселен, сындан башы чыкпай келген ЖККББнын ишин алдыга жылдырып, бир топ иретке салып келди. Негизи Жумагазиевди ЖККББда дагы бир аз  иштетип, баштаган жаткан реформаны аягына чыгартса жакшы болмок. Бул жагынан ИИМ шашып кеткендей болду. Бирок өкмөт менен ИИМ Жумагазиевдин мол тажрыйбасын буга чейин иши анчалык алдыга жылбай келген Бишкек ШИИББга колдонуу чечимин кабыл алышыптыр. Ишине ийгилик дейли. И,  баса, Жумагазиевдин бул жумушка дайындалганына айрым генерал сөрөйлөр баштаган анча-мынчалар көрө албай, бир аз жамандатып жаздырышкан болушту. Эми андай болбогон кептер күлкү катары кабыл алынып, көпчүлүк: “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” – деген жоопту айтышты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here