Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары
жана студенттери “Кан донору бол” акциясына активдүү катышышты

2019-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын
кызматкерлери, курсанттары жана студенттери кан донорлору болушту.
Ар бир адам кан тапшыруу алдында медициналык кароодон өтүп жатышты.
Аталган иш-чара окуу жайда салтка айланып, өздүк курамдын активдүү
катышуусу менен өткөрүлүп келет.
Иш-чаранын соңунда Республикалык кан борборунун кызматкерлери акцияны
уюштуруп бергендиги үчүн ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана ар бир
катышуучуга ыраазычылык билдиришти.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here