УКМК мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 322-беренеси (“Билип туруп жасалма келишим түзүү”) боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги жөнүндө  маалымат таратты.  Маалыматта:  Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында аталган министрликти жетектеп туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканы айтылат.  Эсеп палатасы түзгөн актыга ылайык, ал 4 стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууда мамлекетке пайдасыз бир нече келишим түзгөн. Анын натыйжасында мамлекет 107 млн. сомдон ашык зыян тарткан.