Москва шарында 16-июнда рулда баратып уктап кетип, 7 кишини коюп алган таксист, мекендешибиз Анарбек уулу Чыӊгызды 18 –июнда Таган райондук сот камакка алганы белгилүү болгон эле. Бүгүн мекендешибиз Анарбек уулу Чыӊгыз бошотулганын «Замандаш» партиясы билдирди.

Чыңгыз мырза бул боюнча өзү жалпы кыргыз элине  кайрылуу жолдоп, өзүнө жардам бергендерге, айрыкча «Замандаш» партиясына чоң ыраазычылыгын билдирген.

» Ассаломалейкум, урматтуу кыргыз элим, сиздердин колдоонуздар, дубаӊыздар менен бүгүн 8-февралда саат 10до мени бошотту. Сиздерге Алла ыраазы болсун. Сот болду. Прокурор башында аябай каршы болду. Бирок мени актады. Бошоткондон кийин 10 күн бул жакта кармашат экен. 19-февралда буюрса ссат 8де бошоп чыгам. Мага жардам берген «Замандаш» партиясына, күйүп, чуркап жүргөн жигиттерге , кыргыз элиме ыраазымын. Кыргыз болуп жаралганыма сүйүнөм. Мен буюрса чыктым. Мен аябай кубанычтамын. «Замандаш» партиясындай болгон партиялар көбөйө берсин. Аябай муктаж болуп турганда жардам берди. Мен желегимди буга чейин көтөргөм, дагы да көтөрө берем.»