Биздин редакцияга Саипов Улар чындык издеп кайрылды. Ал 2018-жылы 29-августа  16 жаштагы кызы Айгерим Саипованын башЫ ооруп жаткандыгына байланыштуу Бишкектеги №8 поликлиникага алып барган.

Ал ооруканадан кызын дарыгер Абдыкеримов кабыл алган. Натыйжада жеңил эле ооруп, өзүн татынакай сезип жүргөн Айгерим  (бир, эки күндөн кийин)  дарыгер Абдыкеримов Султандын түшүнүксүз дарылоосунан кийин каза болуп калган.  Маркум Айгеримдин өлүмүнө күнөөлүү бир гана Абдыкеримов Султан экени көптөгөн иликтөөлөрдөн улам  аныкталган. Бул боюнча министрлик түзгөн комиссиянын жыйынтыктарында бадырая көрсөтүлгөн. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кызды туура эмес дарылап каза кылган дарыгер болгонУ 2-3 күн камалып, эркиндикке чыгып кеткен. Учурда үй  түрмөдө. Ал мыйзам алдында жоопкерчиликтен качып, бир эмес, эки адвокат жалдап, ар кандай аракеттерди көрүп жатыптыр.

Мына ушул кайгылуу окуянын чоо-жайын жана дарыгердин жоопкерчилиги тууралуу Саипов Улар толук айтып берди. Күйүткө баткан атанын баянын төмөндөгү тасмадан толук көрүңүздөр:

абдыкеримов-врач

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here