—Дүйшөнбек Кыргызбаевич, өкмөт тоо-кен ишканасын түзүүнү колдоп жатпайбы. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай? Андай ишкана бизге керекпи? Керек болсо, биздин өлкөгө кандай пайда алып келет?

 —Бүгүнкү күнгө чейин 3 жылдан бери тоо-кен тармагында анализ кылып 6 маселе көтөрүп келгенбиз. Биринчи маселе тоо-кен тармагын башкаруу системасында кандай структуралар болуш керек экендиги боюнча сунушту жазып мурун да бергенбиз. Азыр да ал сунушту киргизип жатабыз. Ал сунуштун маңызы бүгүнкү күндө тоо-кен тармагын тескеп жаткан мекеме бир эле учурда энергетика, тоо кен жана жер казынасын дагы башкарып жатат. Бул туура эмес. Энергетика тармагы өзүнчө приоритеттүү тармак. Тоо кен тармагы да чоң тармак. Экөөнү бириктирип алып,  акыркы учурларга чейин энергетика тармагындагы көйгөйлөрдүн күбөлөрү болуп келдик. Бүгүнкү күндө дагы тоо-кен тармагында ошондой маселелер пайда болуп калды. Ошон үчүн биринчи кезекте башкаруу органын өзгөртүп, экөөнү бөлүп, тоо-кен тармагын тескеген мекеме пайда болуш керек. Биз ал мекемени Жер казынасы боюнча мамлекеттик мекеме болушу керек деп жатабыз. Бул комитетке регулятивдүү функция деп булар ошол чалгындоо иштерин жүргүзсүн, кендердин корлорун аныкташсын, баланста кармасын, мыйзам ченемдүү иштерде саясатын жүргүзсүн. Жер казынасын коргоо (охрана недр) деген да функциясы бар, азыркы күндө тилекке каршы ал экотехинспекцияга берилип калган, алар деле эмне иш жасап жатканы белгисиз болуп жатат. Ошол функцияларды бул жактагы мамлекеттик мекемеге калтырып, ал эми “Кыргызалтындын” базасында Премьер-министр айтып жаткандай тоо- кен тармагын башкара тургандай мекеме түзүлүшү керек.  “Кыргызалтын” бүгүнкү күндө Кумтөр менен, Терек-Сай, Макмал, Солтон-Сары алтын кендери менен иштеп жатат. Ошол сыяктуу дагы алтын кендери бар. Ал кендерде мамлекеттин үлүшү болуш керек. Үлүшүнүн ичинде биргелешкен мекеме түзүлүш керек дагы, жаңы түзүлгөн компанияга милдеттенме берип, башкарууну аларга тапшыруу  керек. Башкаруусунда сөзсүз түрдө “Кыргызалтындын” акыркы мисал катарында ролу жакшы көрүнүп калды. Тереккан, Перевальное деген 10 тоннадан ашык алтыны бар кенге түрктөрдүн Эти Бакыр деген компаниясын тартып биргелешкен ишкана түзүштү дагы, мамлекетке 20 миллион доллар түшүрүштү, 25% үлүшүн алышты. Башкаруу системасына дагы катышып жатышат. Жерүйдө андай болбой калды. 100 тоннага жакын алтыны бар кенден 100 миллион доллар акча түштү, бирок мамлекеттин ал кенде 1 пайыз да үлүшү жок. Анын башкаруусуна катыша албайбыз. Ал кенден 1,5 млрд доллар киреше алышат, ал кирешеден үлүшүбүз болбогондон кийин эч нерсе ала албайбыз. “Кыргызалтынга” ошондой маселелер жүктөлсө, андай маселенин үстүнөн иштеп, жогоруда мисалдагыдай көрүнүштөрдү башка кендерде да жасаса мамлекеттин экономикасы үчүн абдан пайдалуу болот эле. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги ишканаларда мамлекеттин үлүшү жок. Мыйзамда ошондой чектелип калган. Эгерде биз мамлекеттик деңгээлдеги ишканаларда мамлекеттин үлүшү болуш керек десек, андан кийин жаңы түзүлгөн мекемеге кен байлыктарынын лицензиясын берсек, булар бюджетке акча түшсө, биздикилер башкаруу системасына катышса, сөзсүз түрдө өсүш пайда болот.

—Андай мекемени башка жактан инвестор тартпай эле, өзүбүз иштетип кете алабызбы?

—Иштетип кетсе болот. Биз башында дагы Жерүйдү конкурска алып чыгуунун кажети барбы дегенбиз. Геологиянын термини менен айтканда деталдуу чалгындоо болгон кен толук аныкталып, кайсы жагында алтыны бар экени тастыкталган. Ошонун бир бөлүгүн кепилдикке коёлу дагы “Кыргызалтын” эле кошумча адистерди тартып өзүбүз иштетсек болот дегенбиз. Өзүбүздүн 100 пайыз үлүшүбүз, өзүбүздүн жумушчуларыбыз, алтыныбыз деле өзүбүздө калат деген сунушту киргизгенбиз. Бирок, ар бир учурда келген премьер-министрлер  бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, конкурс өткөрө коюп, бюджетке батыраак акча түшүрө коёлу – дешет экен.

Илим менен билимдин тоо-кен тармагында иштеген мекемелерден ажырымы өтө чоң болуп калган. Ошого байланыштуу кадр маселелерин даярдоодо, программалардын стратегияларын иштеп чыгууда биз Тоо кен академиясы түзүлүшү керек деген сунуш киргизип жатабыз. Тоо кен академиясынын курамына биздеги Техникалык университеттин алдындагы  тоо-кен иши жана технологиясы институту кириш керек. Кызыл-Кыядагы техникум, Илимдер академиясындагы 3 институтту бириктирип туруп Тоо кен Академиясын түзсөк жакшы болмок. Биз  программасын иштеп чыгып, инвесторлорду даярдап, кадр маселесин карап иштесек болот. Бүгүнкү күндө ушул үч нерсени чечиш керек.

—Муну менен сиз бизде азыр адистер тоо-кен тармагы боюнча жакшы билим ала албай           жатышканы туурасында айтып жатасызбы?

—Билим алган адистерибиз жана өз кесиби менен иштеп жаткан адистерибиз жетиштүү эле. Бирок, адистерибиз биздин же башка институттарды бүтүп келип анан көп жыл эмгектенишип такшалып даяр болуп жатышат да. Көп учурда ЖОЖду бүткөн бүтүрүүчүлөрүбүз мекемелерди дагы көрбөй бүтүрүп жатышат. Анын түзүлүшүн көрбөгөндөн кийин айта албай калган учурлар бар. Ошон үчүн илим- билим менен практиканы  өндүрүшкө интеграция кылып байлап анан окутуп, бир эле учурда мекемелерге барып, практикасын өтүп, ал жактагы иш менен таанышып, дипломун  жактаарда практикага барып иштеген мекемелеринде дипломун даярдап, даяр адис болуп чыгып келишээр эле.

Булак: Багыт

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here