Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Ал 2018-жылы милиция кызматкерлерине байланыштуу 67 кылмыш иши козголуп, 80ден ашык адам жоопко тартылганын, 2017-жылы болсо 90 кылмыш иши козголгонун жана жоопко тартылгандар да көп болгонун баса белгилеп, өз ишине канааттанып жатканын айтты. Анын үстүнө министрлик Жунушалиевдин маалымат жыйынына ЖМКлардын баарын чакыраарын чакырып алып, 20дан ашуун журналисттин суроолоруна жооп берип, калган 40тан ашуун журналисттин суролоруна жооп бербей, ордунан туруп алып кетип калды. Бул эми кандай алганда да сыйлабастык. Минтип, маалымат жыйын курбай эле, кабинетинде чай ичип олтура берсе болмок. Кашкар Жунушалиев ушуну менен экинчи ирет министр болуп олтурат. Эмне ишти кыйратты? Алсыз, чечкинсиз, деңгээли төмөнүрөөк экенин эл да, журналисттер да жакшы билет. Андан көрө, ишин жыйыштырып коюп, кете берсе..