Ош шаардык ички иштер башкармалыгы карыган адамга кол көтөрүшхп,  келекелеп, акча талап кылган балдардын тек жайын аныктаганын кабарлады. 2-февралда Интернетке эки бала карыган кишини чаап, аны коркутуп жатканы тартылган видео тарап, ал кызуу талкууга алынган.

 

Ош шаардык милициясы тасмадагылар 17 жаштагы өспүрүмдөр экенин жана Оштогу окуу жайлардын биринде окушат. Алар карыган киши ичимдик ичип алып, алар жашаган аймакка көп келгендиктен аны уруп-согушканын билдирген.

Милиция өспүрүмдөр аксакалдан кечирим сурашканын кабарлады. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «ээнбаштык» катары катталды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here