Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Невада штатынын Атлетикалык комиссиясынын чечими менен беттештерден тогуз айга четтетилип, 500 миң доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Буга мушкердин UFC чемпиондугу үчүн былтыр октябрда ирландиялык Конор Макгрегорго каршы беттешинен кийинки аракеттери себеп болгон.

Мындан тышкары Хабибдин бир тууганы Абубакар менен спаринг-өнөктөшү Зубайра Тухугов дагы 25 миң доллардан айыппул төлөөгө милдеттендирилип, бул уюмдун иш-чараларына катышуудан бир жылга четтетилишти.