А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов тишелүү буйрукка кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жетекчи буга чейин маданият министринин орун басары болуп эмгектенип келген.

Белгилүү болгондой цирктин артисттери буга чеийн эки жолу митингге чыгышты. Алардын талаптары өздөрү каалаган адамын жетекчи кылып дайындоо эле.

Ал эми цирктин мурунку жетекчиси Исанаев декабрь айында кызматтан кеткен.