Ош шаарында 2 жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалды. Наристе кечээ, 10-январь күнү саат 15:00 чамасында Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген.

Ош ШИИБдин маалыматы боюнча, 2016-жылдын 2-сентябрында төрөлгөн наристенин агасы (баланын атасынын агасы) анын тарамышы түйүлүп жатканын айтып алып барган. Дарыгерлер баланы карап, ал ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калганын айтып, ШИИБге билдиришкен.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө тобу жөнөтүлүп, окуя болгон жерде кароо жүргүзүп, жабырлануучунун өлүмүнүн жана жаракатынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Топтолгон материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Соттук-медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын бети-башында, колдорунда жана сандарында көгөргөн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жарааты бар экендиги аныкталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кечээ күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы — 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өз көрсөтмөсүндө наристенин шымына сийгендиги үчүн чымчып, буттарына уруп жүргөнүн билдирди. Анын айткандарын күйөөсү да тастыктап, аялы наристени тарбялоо үчүн кээде кол көтөргөнүн айткан», — деп айтылат Ош ШИИБдин маалыматында.

Учурда бул факты боюнча окуяны толук жана объективдүү текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Маркум наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, балдар атасынын колунда калган. Атасы Россияга иштегени кетип, балдарын өткөн жылдын 30-декабрында агасына таштап кеткен. Каза болгон наристе эки бир тууган болгон. Ал эми шектүү аялдын 5 баласы бар.
Булак: www.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here