Кытайда айфонго кызыккан бала 17 жашында акча үчүн бир бөйрөгүн белгисиз адамдар менен келишим түзүп сатып жиберген. Бул тууралуу 10-январда чет элдик  маалымат булактар жазып чыкты.

2011-жылы 17 жаштагы бала iPhone жана iPad сатып алуну каалаган. Ата- энесинин акчасы мындай  камбат белекти алып берүүгө мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. Ошондуктан ал интернеттен кишинин органын сатып иштегендерге кайрылган. Алар бөйрөк үчүн жакшы акча төлөп берүүсүн убада кылышып, бир бөйрөгүн сатып алышарын айтышат.

Ошол эле жылы апрель айында  ата-энесине айтпастан, жашыруун бир бөйрөгүн 10 миӊ доллар жана 150 мин юанга баалап сатып жаберген. Жаш жигит аталган сумманын 10 пайызына  iPhone 4 жана iPad 2  сатып алган.

Бирок көп өтпөй анын ден соолугу начарлап, экинчи бөйрөгү иштебей баштаган. 7 жылдан кийин мамлекеттин эсебинен дарыланып, кроваттан тура албай калганы айтылат.