Экс- премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек ЖЭБин модернизация кылуудагы мыйзам бузулган учурлар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башка он чакты аткаминер менен 2018-жылы кармалышкан. Алардын экөөнө тең “Коррупция” беренеси менен айып коюлганы маалым. ЖЭБ боюнча коррупциядан 111 миллион доллардан ашуун каражат жең ичинде желип кеткенин УКМК тергөө жыйынтыгында айткан. Мына ушул чоң коррупциялык ишке карабай ЖКнын айрым депутаттары айыптуу делген айрым адамдарды үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрылды. Атап айтканда ал депутат баягы эле Искак Масалиев. Анын жүйөөсү да күлкү келерлик. Депутат:  «Кайрылуу — бул процессуалдык кадам эмес, бирок депутат катары, жаран катары ушинтип кайрылууну туура көрдүм. Анда Жантөрө Сатыбалдиев менен Кубанычбек Кулматовду камактан чыгарууну сурандым. Себеби алар долбоор иштелип чыгып жатканда кызматта болушкан, бирок ал ишке ашып жаткан убакта кызматта болушкан эмес. Мен болсо бул маселени иликтеген комиссиянын мүчөсү катары айтсам, ал долбоорду иштеп чыгууда эмес, ишке ашырууда ката көп болгон. Мен аларды актаганым жок, болгону калыстык менен караш керек. Аларды үй камагына чыгарып туруп деле териштиришсе болмок», — деп «Азаттыкка» агынан жарыла айтып берген. Мындайда эмне дечү эле.

Тапкан экенсиң май башты дегендей, Масалиевдин оюна койсо Сатыбалдиев менен Кулматовду үй камагына чыгарып, тайраңдатып коёт экен да. Демейде, чынчыл, таза , укмуш болуп көрүнүп келген  Масалиев бул ирет  Сатыбалдиевге эмне мынчалык жан тартып, жабышып калды? Эмнеге дегенде, ал кезинде Сатыбалдиевдин жакшылыгын көп көргөн. Анын аркасы менен өсүп-өнгөн. Маселен, Кыргызстандагы № 1 коррупционер катары сыпатталып келген Сатыбалдиевди Атамбаев 2012-жылдын 6-сентябрында  премьер-министр кылып бекиткенде, Жантөрө акеңер,  ээрге олтурары менен, элдин оозун ачырып, так айтканда 12-сентябрда Масалиевди Салык кызматынын төрагасы кылып бекиткен. Искак Апсаматовичтин ал кызматта кандай иштегени маалым. Себеби, тажрыйбасы жетишсиз болгон. Кыскасы, эл аны чабал жетекчилердин бирикабыл алган. Масалиев салык кызматына көрүнгөн депутаттардын жардамчыларын кызматка ала берип, ызы-чуу болуп, катуу сындарга кабылган жайы бар.

2014-жылы апрель айында Сатыбалдиев өкмөт башчылык кызматтан алынганда, көп узабай Масалиев да «майлуу» кызматынан айрылган. Салык кызматы укмуш коррупцияга баткан мекеме экени айдан- ачык. Ал эми Сатыбалдиев таза эмес, былыгы арбын адамдардын алдыңкы катарынан орун алары эчактан бери эле айтылып келет. Анан ошондой адам, акча тебеленген жерге ишеничтүү адамын койбогондо, кимди коёт?  Учурда  Масалиев  Сатыбалдиевден көргөн жакшылыгын унута албай, минтип тыбырчалап жатканы бир эсептен туура. Бир эсептен алганда, баягы эле сасыган саясат, былык иш… Иттики десе, сасыган саясатта ушундайлар көп кездешет да. ушундай улам да ойго кетет, Масалиев  «устатына» жан тартып, депутаттык комиссияга жан талашып кирген турбайбы. Кызыкчылыгы уруулардын жүзүн ачпай эле, тескерисинче жазасын жеңилдетүү беле?

Негизи коррупцияны иликтеп жаткан комиссиянын ишин артка тарткандарды биринчи кезекте комиссиядан чыгарыш керек. Иликтемиш болуп, ири «коррупционерге» минтип жан тартып турса, кайсы акылга сыят? Мында көрө, Масалиевдин депутаттыктан деле кетип, кол-жолун бошотуп, Сатыбалдиев жаткан абакка тамак-аш ташып жүрө бергени оң болчу, Салык кызматындагы «майлуу» кирешелерин эстеп, кайрадан эңсеп дегендей…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here