Ош шаардык милициясы: Ош шаарында дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 18 жаштагы Матлюба Икрамова 4-январь күнү шаардагы батирлердин биринен табылганы боюнча маалымат таратты. Маалыматта:  келин  күйөөсү менен келишпей, урушуп кеткенден кийин тойдон түшкөн алтын жасалгаларды сатып, анын акчасына ижарага батир алгандыгы айтылат. Ал батирде дос кызы менен жашап жаткан. Дайынын билгизбей кеткен аялы боюнча күйөөсү милицияга арыз жазган. Келин  табылган күнү чоң апасы каза болгону да маалым болду.  Жоголуп табылган келин  14-сентябрда 18 жашка толуп, 6-октябрда турмуш жолуна аттанган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here