Транспорт министрлигинин жетекчилери 520 миӊ доллар пара менен кармалып, кызматтан айрылгандан бери, бул кызмат бош турат. Өкмөт азырынча бул министрликке кимди дайындай турганын билдире элек. Кыязы, элге -журтка билгизбей бир канча адамдардын талапкерлигин карап жатса керек. Ал ортодо  бир топ күндөн бери коомчулукта бул кызматка Мирлан Исагалиев татыктуу деген сунуштар көп айтылып, ал тууралуу байма-бай  талкуу жүрүп жатат. Чындыгында Исагалиев Мирлан мырза, иштеген ишинен май чыгарган азаматтардын бири экени талашсыз. Эмесе, эл сүрөп жаткан инсан тууралуу учкай айтып өтсөк.   Бул жигит элге буга чейин  меценат, кайрымдуу, таза инсан катары жакшы таанылган. Транспорт, бажы тармагы боюнча да чоӊ адис, чоӊ менеджер.  Себеби,  бул тармактарда бай тажрыйбасы бар. Буга бир эле мисалды айтсак жетиштүү болот. 2008-жылы март айында Бишкек-Торугарт жолундагы автоунааларды таразалоо көзөмөл пунктуна жетекчи болуп дайындалган күндөн тартып, ал жерде болуп келген коррупциялык агымдарды  токтотуп, чогулган каражаттын көлөмүн бир канча эсеге көтөргөн. Ошол жылдын январь, февраль айларында 141 миӊ жана 200 миӊ сом чогулган болсо, Исагалиев бул көрсөткүчтү июнь айына  чейин эле  3 миллион сомго жеткирип койгон.  Мындай көрсөткүчтү, мекенчил, таза гана инсандар көрсөтө алат эмеспи.

    Мирлан мырза,  меценат катары Балыкчы шаарына Гемодиализ борборун салдырып, ага 5 гемодиализ, 5 муздаткыч, 5 телевизор белек кылып, суу тазалоо системасын да курдуруп берген. Андан кийин Талас облусунун ооруканасына “Тез жардам” кызматынын жаңы автоунаасын белек кылды. Ошондой эле жаңы автоунааны  Нарын облустук ооруканасына белек кылды. Мына ушунун өзү кандай эрдик!

Чынында Исагалиевди Транспорт министрлигине жетекчи кылып дайындаса, элдин, бийликтин үмүтүн актап, коррупцияга баткан мекемени тазалап, жол куруудагы коррупциялык схемаларды кан буугандай токтотмок деген чоӊ ишеним бар. Эмнеге дегенде, Исагалиев «быкшып-түтөп» эптеп кабинетин кирип-чыгып иштеген кадрлардан эмес, талапка ылайык татыктуу реформа жасай турган кадр!