Кара-Балта шаарында кытайлар көп экени жалпыга маалым. Себеби, ал жакта кытайлар курган ДЖУНДА заводу бар.  Бирок ал атыӊ өчкүр  завод кыргыз экономикасын көтөрүүгө салым кошкон жок. Иштегени натыйжалуу болбой, жетекчилери салык жашырып, коррупцияга шектелип, кылтакка илинишкен. Аталган завод нефтини да талапка ылайык иштете алган жок.  Бир кезде өкмөт бийик көрсөткүчтөрдү айтып, ал заводду жерге-сууга тийгизбей макташкан эле. Эми болсо  «Мактаган кыз тойдо осурат болду» да калды. Кыскасы, курган үмүттөрдүн таш -талканы чыкты. Жакында жабылды. Ал заводду финпол текшергенде салыктан 54 миллион сом жашырган ачыкка чыккан. Андан тышкары 1 тонна АИ 92 үлгүсүндөгү бензин жана кассада туруш керек болгон 2 ,6 млн. доллардын ордуна 600 миӊ гана сом болгон.  Ошол атыӊ өчкүр заводдго шылтоо кылышкан кытайлар Кара-Балтада барган сайын көбөйүп, минтип шаар четине Кытай шаарчасын куруп баштаганы байкала баштады. Тактап айтканда, бир топ жерлерди ээлеп, кадимкидей, кадыресе жашап жатышат. Жакында эле Кара-Балтада кыргыз жигитти кытайлар уурдап кетип, шаар сыртына алып барып, ур-токмокко алып, кескилеп сабашканы ачыкка чыгып, катуу талкууга алынды. ИИМ аларды кытайлар эмес дегенге аракет кылганы менен, «капка шибегени ката албайсыӊ» — дегендей, ал мыкаачылык иш кимдердин колунан келгени оркоюп көрүнүп, билинип эле калды, жүзүӊ кургудурку.

Джунда заводуна бараткан кытайлар

Бийлик болсо Кыргызстанда кытайлардын кыжылдап көбөйүп жатканына буга чара көргөн жок. Тескерисинче Кыргызстанга агылып келип жаткан кытайлардан жеӊ ичинен акча алып, киргизип жатканы жалпыга белгилүү. Жергиликтүү тургандар кытайлардын Кара-Балтадагы шаарчасын тасмага тартып коомчулукка көрсөтүп, кыжаалат болуп келишет.

Чынында бул көрүнүш Кыргыз мамлекетинин — тарагедиясы. Жыл өткөн сайын ондогон, жүздөгөн, миӊдеген кытайлар Кыргызстанга жылып кирип жатканы, бирок ошолордун көбү кайра Кытайга кайтпай, биздин жерде, биздин элде калып, кыздарыбызды четинен алып, кытай жээндерди көбөйтүп жатканын кимден жашырабыз. Муну бийлик көрбөй турабы? Көрүп жатат. Бирок аларга Кытайдын акчасы керек. Ошон үчүн жетиштүү чара көрбөй келет, кызыталактыкы…

Баса, кытай шаарчалары Москва, Нью-Йорк баштаган дүйнөнүн  ири шаарларда да бар. Эми ошондой шаарча Бишкекке курулбайт деп ким кепилдик бере алат. Албетте, эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, эмитен сак болбосок, болбойт…

Бул Джунда заводу экологияны да бузуп, элдин нааразычылыгын туудурган. Бул тасма иштеп жатканда тартылган тасма экенин эске салабыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here