Кыргыз эли оор жоготууга учурап, дагы бир кыраан жигитинен ажырап олтурат. Кочкордогу жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын презиудумунун төрагасы, жеке ишкер  Курткаев Таалай Исмаилович узак оорудан кийин  дүйнөдөн кайтты.

Таалайбек Курткаев 1965-жылы 25-апрелде Кочкор районунун Орток айылында туулган.  1972-1982- жылдары Орток орто мектебинде жалпы орто билим алган. 1983-1986-жылдары аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн. 1987-1990-жылдары Россиянын Перм шаарындагы токой чарба техникумунда билим алган.  2002-2007-жылдары Балыкчы шаарындагы социалдык экономикалык институтунан “экономист”  кесибине ээ болгон.   Ал эмгек жолун Кочкор токой чарбасында  улуу токойчу болуп иштөө менен баштаган. 1995-жылдан бери “Кен” дыйкан чарбасынын төрагасы  болуп эмгектенип келген.           2008-жылдан бери  ушул күнгө чейин. Кара-Суу айылдык кеңешинде үч жолку чакырылыштын депутаты  болуп шайланып, айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен айылдык кеңештин  төрагасы болуп  кызматтын аркалап келди.   2012-жылдан бери  үзгүлтүксүз Кочкор районунун кошмо жыйналышынын  презиудумунун төрагасы болуп, район ичиндеги ар кандай иш-чараларга өз салымын кошуп келген.

. Ал  Кочкор районундагы иш-чараларга демилгелүү катышып, 2008-жылдан бери өз каражатынан  он төрт миллион сомдон ашык жардам берген. Өзү туулуп өскөн Орток  айылындагы катарына 150 дөн ашык жарандарды бириктерген “ Орток Шамы” коомун жетектеп, айылы үчүн көптгөн жакшы иштерди жасашкан.    Анын демилгеси менен Орток айылына жол, көпүрөлөр салынып, ар кандай долбоорлор тартылган.  Орток айылынын жолуна 540 миң сомго 100 унаа шагыл төктүргөн. Мантыш айылындагы медициналык мекемени оңдоого 10 миң, Орток айылындагы таза суу көйгөйүн чечүүгө  100 миң сом, 140 миң сомго купка, мектептин капиталдык ремонту үчүн 90 миң, Орток айылдык мечитинин айланасын тосууга 100 миң сомду өз жанынан бөлүп берген.  Таалай Курткаевдин аракети менен  Орток  айылына баруучу жолду оңдоодон өткөрүү үчүн Республикалык бюджеттен  55 миллион сом каралып, оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Ал  Кочкор районунун чыгаан уул-кыздарынан түзүлгөн Кочкор коомунун активдүү мүчөсү катары райондогу иш-чараларды уюштурууга алар менен биргеликте  көптөгөн иштерди аткарды. Андан сырткары Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы катары  көптөгөн айылдардагы көйгөлөрдү чечүүгө өз салымын кошуп келген. Алсак айылдарды көрктөндүрүү , жашылдандыруу жагына басым жасап 2013-2014 –жылдары баардыгы 22миң теректин көчөттөрүн, өз каражаттына сатып келип, Кочкор районундагы айылдарга таратып берген. 2014-жылы  “Мыкты айыл” кароо сынагынын жыйынтыгы менен биринчи орунду алган Кош-Дөбө айылдык кеңешинин Кара-Күңгөй айылына 170 миң сомдук трансформатор, 2-орунду камсыздаган Кум-Дөбө айылдык кеңешинин Шамшы айылына 25 миң сомдук боз үй, Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылына 15 миң сомдук электр тогун иштеп чыгуучу аппарат алып бергени не деген эрдик, не деген айкөлдүк. Төрага катары жыл сайын жергиликтүү кеңештин жакшы иштеген депутаттарына “Мыкты депутат” төш белгисин ыйгарууну  демилгелеп жобосун иштеп чыгып, атайын төш белгилерди өз каражатына жасаттырып тапшырып келди. Кочкор районундагы “айылдык кеңештердин ортосунда  “Ыр кесе” кароо сынагын өткөрүп, 150 миң сомдук баалуу белектерди, “Кош жылдыз” кароо сынагына 120 миң  сомдук баалуу сыйлыктарды өз каражатынан  тапшырды.  Райондогу көп балалуу жана жалгыз бой энелерден тандалган энелерге “Мээримдүү эне” төш белгисин жана белектерди тартуулап, Энелер күнү майрамында райондогу Баатыр Энелерге өзүнүн белектерин берип келди. Жыл сайын “Жыл мыктылары” номинациясын өткөрүп, 21 номинацияга өз эсебинен төш белги, сыйлыктарын жасатып тапшырып келди.  Ал жасаган иштерди айта берсек кагаз бети чак келбес.2014-жылы Курткаев Таалай Эл аралык кайрымдуулук “Айкөлдүк” фондусу тарабынан “Ак жүрөк” инсан деген баага татып, аталган фонддун сертификаты, статуеткасы менен сыйланан. Эл ичинде демөөрчү, колдоочу, спонсор деген атты алып жүргөн Таалай Курткаев тигүү цехтерин ачып, “Кочкор жаштар кеңеши” коомдук бирикмесин каттоодон өткөрүүгө, кеңсесин оңдоого, оргтехникаларын алып берүүгө жардамын берип, 25-май акыркы коңгуроо салтанатында райондук бийлик менен бирге “кызыл килем” салтанаттын өткөрүп, 100 гө жакын алдыңкы окуучуларга, мугалимдерге 25-30 миң  сомдон ашык каражат сарптап баалуу белектерди тапшырып келди.  … Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин дейт эмеспи. Т. Курткаевдын көзү өтсө да ал жараткан эмгектери аркылуу түбөлүк ысмы сакталып кала бермекчи.  Таалай Курткаев  үч кыз, бир неберенин атасы эле

                                                             Майрамбек ДЕРКЕМБАЕВ

                                                              

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here