Бул окуя 23-декабрда Джалал-Абад – Сузак жолунда 16:30 чамасында болгон.

Видеодо көрүнгөндөй үйлөнүп жаткан жубайлар жакындары менен сүрөткө түшүп, видеого тартылып жаткан кезде, артынан катуу келе жаткан унаа кырсыкка учураган.

Маалым болгондой кызыл түстөгү  «Шевроле Авио» унаасын 1995-жылкы А.Х башкарып келатып, рулга ээ боло албай калып, сол тарапка бурулуп, аркону сүзүп, токтогон. Учурда айдоочу менен бир жүргүнчү ооруканада.

Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.