Буга чейин ырчы Роза Шакирова соц.баракчасы аркылуу «Жаны жылдык Көгүлтүр отко» катыштырбай  жыл сайын эле Илим Карыпбеков чийип салат деп жазып чыккан эле. Ырчынын мындай билдирүүсүнө КТРКнын башкы директору төмөндөгүдөй жооп узатты:

Урматтуу достор!

Роза Шакированын жана башка кыргыз залкарларынын «Көгүлтүр от» программасына катышуусу боюнча. «Роза Шакированы Карыпбеков «Көгүлтүр от» программасынан былтыр дагы, быйыл дагы чийип салыптыр…» деген ызы-чууга 2-3 күн болду.

Роза Шакирова менен дагы, башка ырчылар менен дагы ысык-суугум жок. Баарына бирдей, тең мамиле жасайм. «Көгүлтүр от» программасына баардык «заслуженныйлар», «народныйлар» дегиле башка залкарлардын баардыгы тартылат. Өзгөчө эмгеги элге өткөн залкарлардын саны 180 ырчыдан бир аз ашат экен. 200-гө жетпей калганына бираз капа болуп, жакынкы арада буйруса залкардардын катары дагы толукталып 200-гө жетет деген ишенимдебиз. Ал эми дегиле атактуу, белгилүү ырчыларыбыздын саны 800-дөн ашат экен. Жыл сайын КТРК кызматкерлеринин башы маң кантип залкарлардын залкарлуурактарын тандайбыз деп.

Жылдык «Көгүлтүр от» программасына ырчылардын жыл бою кылган эмгеги, жараткан чыгармалары, юбилейлери, эларалык сынактарга катышып, татыктуу орундарга ээ болгондору, жыл бою КТРКнын көрсөтүү, каналдары менен тыгыз байланышта иштешип, эмгегин аябай келгендиги дагы эске алынып тандалат. Мен тандабайм, себеби бул чөйрөнү, залкарлардын залкардыгынын тереңдигин билбейм. Ошол себептен мен катышпайм тандоого. Тандоону ушул чөйрөнү жакшы билген КТРКнын аттуу-баштуу адистери тандайт, аларга ишенем. Анан мага тизмеси алынып келинип, мен кыңк дебестен бекитип берем. Залкарлардын балеесине калбайлы деп бул тандоону кылган адистерибиздин аты айтылбайт, себеби алар айрым залкарлардын түбөлүк душманына айланат, ошондуктан бул тандоо мага шылтанат. Мен КТРК жетекчиси болгондон кийин бул чечимди кабыл алам дагы, тандоону мен кылдым деп жоопкерчиликтүү коом алдында айтам. Шарт ошондой туугандар.

Мен билгенден Шакирова программага тартылат. Сабыр достор, сабыр.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here