Ноокен районунда 51 жаштагы адамдын жансыз денеси өз үйүнүн уктоочу бөлмөсүнөн табылды. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ноокен районуна караштуу Масы айылынын 1967-жылы туулган Р. И. аттуу тургуну өз үйүндө киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Анын каза болгону 6-декабрда күндүз белгилүү болуп, милицияга кабарланган. Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерди аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here