Казакстан бийлиги Кыргызстандын Юстиция министрлиги жөнөткөн суроону жоопсуз калтырды. Аталган министрлик  «Ата Мекенден» ЖКга депутат болуп шайланып алган улуту дунган Бахадыр Сулеймановдун казак жарандыгы боюнча маалымат сураган. Бул тууралуу маалыматты БШК таратты. БШКнын төрайымынын орун басары Бегматов: «Казак тарап мындай маалыматты Сулеймановдун гана макулдугу менен бериле тургандыгын  билдирген. Ал эми депутат өзү мындай текшерүүгө каршы»- дейт. Мына ушул маселеден эле баары түшүнүктүү болуп турат, эгер Сулейманов казак жараны эмес болсо, анда коркпой эле текшертмек. Кыскасы, бул жерде чоң мандем бар.

Бирок Казакстан тараптын да депутатка жан тартып жатканы кызык. Кыязы, депутат бул маселе боюнча бардык тарап менен жакшы «иштеп» койсо керек…

Белгилүү болгондой Сулеймановдун казак жарандыгы бар экенин Акыйкатчы Токон Мамытов айтып чыккан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here