—Бакыт мырза, сиз эмдиги жылы 100 жылдык мааракеси белгилене турган  мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын эски аянтка жана  Бишкектин бир  районуна берүүнү демилгелеп чыктыӊыз. Бул маселе ишке ашчудайбы?

 —Турдакун Усубалиев атабыз жеке эле Бишкек шаарын эмес, бүтүндөй кыргыз мамлекетин түптөөгө, өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкон элибиздин улуу инсаны. Биз ал кишинин эмгегин кечиктирбей, өз убагында баалап алууга тийишпиз. Мына ушул маселеден улам алгач атабыздын ысымын борбор шаардагы эски аянтка берүү демилгесин көтөрүп чыккам.

Бул демилге толугу менен колдоо таап, тиешелүү комиссияга жиберилди. Эми алдыда ишке ашыруу маселеси турат. Экинчиси Бишкектеги төрт райондун бирине ыйгаруу демилгесин көтөргөм.

Ортодон дагы депутаттар бул маселени колдоп, Свердлов району деп атап калышты. Баарыбыз ушул  районго токтолуп колдодук. Буга чейин Биринчи Май районунун атын Чыӊгыз Айтматовго берүү демилгеси ЖК депутаттары тарабынан айтылган.  Бирок тилекке каршы, бул маселени шаардык кеӊеш биз чече албайт экенбиз. Бул маселеге өкмөттүк чечим кабыл алынышы зарыл экен. Деги эле биз сессияда борбор шаарыбыздагы төрт районго теӊ эле кыргыздын чыгаан инсандарынын атын берүү чечимин кабыл алдык. Бул сессиянын жыйынтыгында кабыл алган чечимдерди Өкмөткө жибердик. Өкмөт эми чечкиндүү чечим кабыл алат деген ишеничте турабыз.

—Өткөн жумада Бишкек шаардык кеӊеши рекорддук көрсөткүч кылып, сессияны 4 күнгө создуӊар. Борбор шаар үчүн өтө керектүү болгон  кандай маселелерди талкууга алдыӊыздар, окурмандарга мына ушулар тууралуу айтып берсеӊиз?

 —Туура. Буга чейин шаардык кеӊештин сессиясы 4 күнгө чейин созула элек экен. Биринчи чоӊ талаш-тартыш – бул мэр Азис Эмилбекович мэриянын структурасын алып келди. Мына ушул маселени жакшылап кароого  бир күн убактыбыз кетти. Мэр бизге мэрия үчүн 4 департамент ачуу демилгесин алып келип, колдоп берүүбүздү суранды. Карап көрсөк, мэрдин сунуш кылган 4 департаменти теӊ чындыгында шаар үчүн керек экен. Биринчиси:  Парковка боюнча департаментти түзүү. Мурун бар эле, кийин жоюп салышып, бюджетке миллиондогон каражат түшпөй калган. Азыр Бишкекте Шопоков гана көчөсүндө парковка иштеп жатат. Калган көчөлөрдөгү парковкалардан кимдер чогултуп жатат?  Шопоков көчөсү дагы аукцион  менен берилген болчу. Мэриянын эсеби боюнча парковкадан жыл сайын 100-150 миллион сом тапса болот экен.

Экинчи департамент – бул парктар боюнча. Парктар боюнча “Жашылдандыруу” чарбасы эле үстүртөдөн көзөмөл кылып келген. Эми мындан ары парктарга кам көрүү күчөтүлө турганын айтты. Үчүнчүсү —  Жарнак боюнча да департамент. Мурун бул боюнча иш да башка ишканаларга карап, башаламан болуп келген. Мына ушул багытта да жыл сайын миллиондогон каражаттарды бюджетке түшүрөбүз деп жатат.

Эӊ башкысы, мэрия 4 департаментти ачуу менен жалпы штатты көбөйткөн жок, ошол эле ишканалардын ичине  өзгөртүп, кыскартып,  түзүп жатат. Ал  тургай 30га жакын штат кыскартылып жатканын, кийин кыскартыла турганын да билдирди. Бизге мына ушунусу жакты да.

Булак: Багыт. kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here