Бир канча жылдан бери «Манас» аэропротунун президенти болуп  иштеп келген Эмир Чукуев кызматтан алынгандан кийин анын ордуна  өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, жээни Эмилбек Бусурмакуловдун бир тууганы Абдималик Бусурманкулов “Манас” аэропортунун жетекчиси болуп дайындалып, дагы да болсо элдин нааразычылыгынан соӊ, бир күн иштеп-иштебей иштен кетти. Андан соң аэропортко буга чейин ушулу эле аэропортто жооптуу кызматтарда иштеп келген Мирлан Бегалиевди убактылуу жетекчи кылып дайындашты. Бирок бул адам криматалык Камчы Көлбаевдин кан кудасы экени тууралуу маалыматты соцбаракчага билгендер жазып чыкты. Маалыматта: Мирлан мырзанын уулу Акбар  өткөн жылы Көлбаевдин кызына үйлөнүп, той «Фрунзе» ресторанында өткөнү айтылган. Бийлик муну билдиби, же унутуп калдыбы. Айтор, «Манастын» жаңы жетекчиси туура эмес тандалган адам болуп чыкты. Демек, бул бийлик аны бул кызматка бекитпейт чыгаар… Же…

 

Новоиспеченный глава аэропорта "Манас" Мирлан Бегалиев — сват лидера криминального мира Кыргызстана Камчы…

Argen Amanov 发布于 2018 年 12 月 4 日 周二

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here