30-ноябрда  Чүйдүн Беловодск айылындагы №16 түзөтүү колониясында иштеген кызматкер өзүн атып алып каза тапканын  Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктаган эле.  Бул окуя 30-ноябрда болгон. Маалыматта: 21 жаштагы прапорщик курал сактоочу кампада өзүнүн табелдик куралы менен жанын кыйганы айтылат. Маркум  өзүн атардан мурда туугандарына кат жазып, кечирим сурап, ошондой эле чогуу иштеген адамдарга ыраазычылык билдирген. Бул окуядан бир күн мурун, тагыраагы  Каракол шаарында турак үйдөн 29-ноябрда жаш кыздын асылып турган жансыз денеси табылганы маалым болгон.  Ал кыз 19 жашта болгон.  Ал Караколдогу медициналык колледждин дарылоо факультетинде 2-курста билим алып жаткан. Жаш кыздын эмнеге өз өмүрүнө кол салганы азырынча тастыкталган жок. Ал эми Беловдск айылында №16 колонияда кызмат кылып жатып, өзүн өзү атып салган 21 жаштагы жигит  өз өмүрүнө кол салган кыздын айылдашы жана экөөнүн сүйлөшүп жүргөндүгү боюнча маалыматтар бар. Ал кыздын асынып өлгөнүнү угуп, ушундай кадамга баргандыгы болжолдонуп жатат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here