Ашкабакты ашканада абдан көп пайдаланып келебиз. Туура, ашкабактын курамындагы витаминдер жана микроэлементтер дарбыздагыдай, ал түгүл рак ооруларына каршы да дарылык касиети бар. Элдик табыптар ашкабактын данегин ичинде курту бар адамдарга сунушташат. Биз бул жолу ашкабактын ашканада эмес, косметологиядагы пайдасын жазууну туура көрдүк. Себеби, ар бир аялзаты сулуу жана жаш көрүнгүсү келет эмеспи.

Беттеги тактарды кетирет

Косметологияда кеӊири колдонулат. Курамында ашкабак бар бет май, лосьондор беттеги, денедеги тактарды кетирет. Андан сырткары андан лосьон, скраб жана үй шартында маска жасоодо сонун натыйжа берет. Айрыкча педикюр кылганда колдонсоӊуз өкүнбөйсүз. Акыркы кездерде ашкабак кошулган ар түрдүү шампунь, бальзам, самын, бет май, лосьон жана маскалар даярдалат. Анын жашартуучу касиети болгондуктан беттеги майда бырыштарды кетирүүдө көп колдонулууда.

Мыкты тазарткыч

Ашкабак витаминдерге, каротин жана минералдык туздарга өтө бай болгондуктан, косметологияда кеӊири колдонулуп келет. Ал кандай гана бет териси болбосун тазартат. Эӊ эле жөнөкөй маска тууралуу айтсак: ашкабакты кыргычтан өткөрүп, аны марлиге салып, бетиӊизге 15-20 мүнөт коюп коесуз дагы, жылуу суу менен жууп коёсуз. Мындай масканы бери дегенде жылына 20 жолу жасаш керек. Жумасына 2 жолу жасаса болот.

Ал эми безеткиден арыла албай жүрсөӊүз бетиӊизди ашкабактын кесиндиси менен сүртүӊүз.

Бетиӊизди жашарткыӊыз келсе сууга бышка ашкабак менен жумуртканын сарысын жана бал аралаштырып бетиӊизге 15-20 мүнөт коесуз. Андан кийин муздак суу менен жууп саласыз.

Бетинин териси кургак айымдар үчүн сууга бышкан ашкабакты оливка майы менен абдан аралаштырып, бетине 20 мүнөт коюусу зарыл. Андан кийин мелүүн суу менен жууп салыш керек.

Шишиген беттер үчүн…

Эгер бетиӊиз шишип кетип, шишигин кетире албай жатсаӊыз, 2 аш кашык майда тууралган ашкабакка кичине суу куясыз. Жай отко 10 мүнөт кайнатасыз, андан кийин жарым чай кашык бал кошосуз. Жылуу масканы марлиге салып бетиӊизге коюп, сыртынан жүзаарчы жаап 20 мүнөт коёсуз. Мындай масканы 3-4 жолу кайталагандан кийин бетиӊиздеги шишиктер кетет.

Кышкы маска

Мындай маскалар такай сууга же бууга бышкан ашкабактан жасалат. Эгерде сиздин бет териӊиз майлуу болсо каймак менен бышкан ашкабакты абдан аралаштырасыз. Эгерде нормалдуу болсо – йогурт менен, ал эми кургак терилер үчүн май менен аралаштырып бетиӊизге коёсуз. Жылуу суу менен жууп, бет териӊизге ылайыктуу бет майды коёсуз.

Бетти тазалоочу маскалап чийки ашкабактан жасалып, аны жумуртканын агы менен аралаштырасыз. Бул масканы болгону он мүнөт коюу керек. Андан кийин мелүүн суу менен жууш керек.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here