Өтө сезимтал, жумшак, ак көңүл, тартынчаак, мээримдүү жан Гүлсина Чотонова тасма талаасына чачы кырылган дудук кыздын образында кирип келген. Кирип келди да, дал ошол образы менен элдин баарынын эсинде калды. Андан кийин да бир топ фильмдерде ойноп, учурда “Акшоола” сериалында көзү ачык аялдын ролун ойноодо. — Гүлсина айым, сизди эл актриса катары тааныйт.

Бул жаатта билимиңиз барбы?

— Албетте, мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин актёрлук бөлүмүн аяктагам. Бирок бала кезде башталгыч класстын мугалими болуп иштөөнү кыялданчумун. Ата-энем болсо мени келечектеги экономист катары көрүшчү. Үй-бүлөдө беш эркектин арасындагы жалгыз кызмын. Ошон үчүн да жакшы билим берели дешсе керек, атайын Аксыдан Бишкекке алып келишип №5-мектептеги физика-математика багытындагы класска киргизишкен. Мен окуган мектепте окуучулар үчүн ар кыл тармактагы ийримдер бар болчу. Театралдык ийримде сабак берген Алмаз Сарлыкбеков агай менин актёрлук жөндөмүм бар экендигин байкап калып, 6-класста окуп жүргөн кезде эле театрга алып барып Сабира Күмүшалиева эжеге кошуп койгон. Эженин баштыгын көтөрүп алып барган жерине кошо барып жүрө берчүмүн. Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыеева, Советбек Жумадылов өңдүү залкар инсандарды ошол учурларда көрдүм, алар баскан из менен бастым. Анда жаш болуптурмун да, азыркы акылым болгондо эжени көбүрөөк аңдып, андан көп нерсе үйрөнмөкмүн. Ошентсе да нускалуу кептери, нарктуу мамилеси, манерасы мага чоң мектеп болуптур. Эже менен жүрүп актёрлук кесипке болгон кызыгуум артты, баягы мугалим болом деген кыялым, ата-энемдин экономист кылабыз деген аракетин да унутуп калдым. Мектепти аяктаганда Искусство институтунун режиссёрлук факультетинин кино жана театр актёру бөлүмүнө тапшыргам. Окууну ийгиликтүү аяктап, Кыргыз драма театрында бир жылдай эле иштедим.

— Бирок сиздин актриса катары багыңыз теледе иштеп жүргөндө ачылды окшойт. Геннадий Садырович Карагыздын ролуна сизди ашканадан көрүп калып эле тандаганын айтып келесиз.

— Туура. Театрда иштеп жүргөн бир жылдын аралыгында жалаң эле массовкаларда жүрдүм. Чү дегенде эле баш каармандын, болгондо да психологиялык жактан абдан оор ролду аткаруу оңой болгон жок.

Негизи өзүм уялчаакмын, ушул сапатымдын айынан көп нерседен куржалак калам. Геннадий агайды коридордон мурда деле көрчүмүн, аябай сүрдүү көрүнгөндүктөн учурашуу да кыйынга турчу. Эгерде Геннадий Садырович ошол кезде көрөгөчтүк кылбаганда мен кино деген бул керемет дүйнөнүн даамын татпай калмакмын. Агайдын өзүнүн иштөө ыкмасы бар. Кандай ойношубуз керектигин эч качан үйрөтүп, айтпайт, жаныңда сүйлөшүп жүрүп эле башка дүйнөгө жетелеп алып кирип коёт. Күнүгө сүйлөшүп, грим коюп, берген кийимдерин кийип жүрүп бир айда кандайча бул ролго даяр болуп калганымды өзүм деле байкабай калгам.

-Чачыңыз дагы чоң талкуу жаратса керек?

— Ооба. Кырылган чачым менен көчөдө жүрсөм “эркекпи же аялбы» дегенсип карай беришчү. Өзүм дагы дайыма жинсы шым кийип жүрчүмүн да. Кинону көргөндөр болсо “бул чын эле сүйлөй алабы, акыл-эси ордундабы” деп бири-бирине күбүрөшүп калышчу. Муну көргөн байкем жаны кашайып: «Сени биротоло жинди деп ойлоп калышпасын, дагы бир киного тартылып койчу»,-деп айтканы эсимден кетпейт.

Айткандай эле ушундан кийин улантып кеттиңиз окшойт?

— “Карагыздан” кийин ошол эле чачым менен «Метамарфоза», «Исход» деген фильмдерде башкы каармандын ролун жараткам. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы он беш чакты тасмада роль жаратып коюптурмун. «Обещание» кыска метраждуу фильминде баласы рак менен ооруган эненин абалын берүүдө абдан кыйналгам. Ролго кирерин кирип алып, “бул менин жашоом эмес, жөн гана роль” деп өзүмдү жубатып, Кудайга жалынып атып араң аткаргам. Былтыр дагы фестиваль үчүн тартылган «Сулайман-Тоо» тасмасында шаардын мэринин аялы болуп ойногом. “Акшоола” тасмасындагы Лилиянын ролу деле оңой жаралган жок. Бул тасмада биринчи жолу терс каармандын образындамын. Ролду ачып берүү үчүн көзү ачыктарга барып даярдык көрдүм. Бир көзү ачыкка барсам, унчукпай отуруп алып айтат, экинчиси шамдарды жагып алып сүйлөнө берет экен. Издеп жүрүп таш менен төлгө салганын тапсам, мага керектүү мимика, манера, кыймылдар чыкпайт. Ошентип жүрүп 5-6 көзү ачыкка бардым. Алардын образын аңдып отуруп өзүм тууралуу айткандарынын бирин дагы эсиме сактап калбапмын. Ошентип көргөнүмдүн баарын кошуп туруп Лилиянын образында пайдаландым.

 Элдин сынын кандай көтөрөсүз?
— Азыр той-топурларга барганымда «сени апам жаман көрүп калды, каргап атат» деген сыяктуу пикирлерди тааныштарымдан угуп жаткан кезим. Социалдык тармактардагы комментарийлердин болсо дээрлик бардыгында мага карата «стерва», «желмогуз» деген өңдүү жаман сөздөр жазылган. Буларды окуп алып чындыгында жүрөгүмө жакын кабыл алып жатам. Мындан улам “ушундан көрө тартылбай эле койсом болмок экен” деген дагы ой пайда болот.
— Негизги кесибиңиз режиссёр экен. Бул жаатта кандай ийгилик жарата алдыңыз?
Туура. Жан дүйнөмө жакын эки кесибим бар, экөөнүн тең жашоомдо өз орду бар. Тасмага сунуш болгондо эле тартылганым болбосо, калган убактымдын баарын КТРКда өткөрөм. Режиссёр болуп иштеп жүргөнүмө 22 жылдын жүзү болуптур. Бул жылдар аралыгында «Ыр кесе», «Жаштык ыры», «Антракт» жана башка музыкалык берүүлөргө режиссёрлук кылдым, “Арноо концертинде” эле эмгектенип келе жатканыма жыйырма жыл болду. — Өзүңүз тасма тартып көрдүңүз беле? — Ооба, бирок бул жаатта өзүмдү алгач клип тартып сынагам. «Кыз-Бурак» тобунун «Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын», Токтобек Асаналиевдин «Боогачы», Чыңгыз Мырзаевдин «Бир тууган» жана башка эски ырларга клип тартып, 2003-жылы «Жылдын мыкты клипмейкери» деген наам да алгам. Ушинтип жүрүп эле тасма тартуу идеясы жаралып «Бактылуу болгум келет» тасмасын тарткам. Тасмамды Геннадий агайга көрсөтүүдөн уялып азыркыга чейин жашырып келем. Негизи жаш кезде адам курч болот экен, ойлонгон идеяңды бат эле ишке ашырып салат экенсиң. «Отузда орок орбогон — кыркта кырман баспайт» деп айтылгандай, отуз жашка чейинки жасаган катачылыктарың кечиримдүү болот. Ал эми бул жаштан өтүп калганда кичинекей эле катачылыгың калдайып көрүнүп калат. Азыр менде көптөгөн идея, максаттар бар, бирок жогоруда айтылгандарды эстеп алып миң ойлонуп, толгонуп келем.
— Эми кепти жеке жашооңузга бурсак. Дайыма бир калыпта жүрөсүз, деги канча баланын энесисиз?
— Жолдошумдун кесиби түрколог, жогорку окуу жайды Түркиядан бүтүп келген. Экөөбүздү жалпы достор тааныштырышкан, үйлөнгөнүбүзгө он беш жыл болду. Ортобузда 14, 10, 6 жаштардагы эки уул жана бир кызыбыз бар.
Мен театрда жүргөндө Айтурган Темированын дене-мүчөсүн карап алып суктана берчү элем. Эжени аябай жакшы көрүп койгон окшоймун, мен да дайыма бир калыпта жүрөм. — Жолдошуңуздун карьераңызга көз карашы кандай? — Акылбек да кеч үйлөндү. “Карагыз” чыккандан кийин баш коштук да, мени досторуна тааныштырганда “тандаган таска жолугат» деп тамашалап калчу. Азыр жолдошум — менин сынчым. «Экран сулуулукту, жаштыкты сүйөт» деп кээде менин сырткы келбетиме да сын айтып калат. Тасмага тартылуу сунушу түшкөндө дароо эле ага айтам. Экөөбүз отуруп сценарийди окуп чыгабыз, эгерде ал «жок» десе баш тартам. Балдарыбыз чоңойгучакты «балдары ооруп калган же өлүп калган ролдорду ойнобо» деген талап койчу. Мен атанын сөзүн жерге калтырбаган, сыйлаган тарбияда чоңойгом. Атамдын уруксатысыз дасторконго отурчу эмеспиз. Мен дагы үй-бүлө баалуулуктарын балдарыма сиңирүүнү каалайм, ошондуктан жолдошумдун уруксаты, колдоосу жок эч нерсе кылбайм. Айгерим Токтобай кызы
Булак:Леди кж.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here