Белгилүү болгондой бүгүн Басма сөз күнү. Бул майрам 25 жылдан бери салтанаттуу түрдө белгиленип келатат. ЖМКны бекеринен төртүнчү бийлик деп атабайт. Анткени, мамлекеттин күзгүсү. Коомдо эмне жаңылык болсо, мына ошол жаңылыктардын чып-чыргасын коротпой, жалпы элге күндөп-түндөп жеткизип турат. Биз журналистиканын жүгү, коомдогу ролу, күӊгөй-тескейи тууралуу карыя журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Тилектеш Ишемкулов агайыбыз менен баарлаштык. Баса, журналисттерге сүйүнчү! Агайыбыз аз күн мурун журналисттерге аба менен суудай эле керек боло турган “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын энциклопедиялык сөздүгү” деп аталган көлөмдүү китеп жазып, жарыкка чыгарган экен. Кеп оролун мына ушул китептен баштадык.

 —Тилектеш агай,  биринчиден сизди майрамыңыз менен куттуктайбыз!

 —Чоң рахмат! Силерди да куттуктайм!

—Сиз 2-3 жыл чоң эмгек коротуп, “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын энциклопедиялык сөздүгү”  деген чоң китеп жазып чыгарган экенсиз. Мындай эмгек буга чейин чыга элек эле. Чынында мындай китеп журналисттер үчүн өтө керек. Ушул эмгегиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

 Биздин Улуттук энциклопедиянын 7 томдугун даярдап жатышканда мени чакырышкан. Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы менен улуттук энциклопедиясы мени мезгилдүү басма сөз, радио уктуруу, телекөрсөтүү жана басма иши боюнча жооптуу редактор кылып шайлашып, мага 545 термин беришип, ушуну эле жазсаңыз энциклопедия болуп калат дешкен. Мен тереңирээк карап чыксам, журналистикага байланышпаган деле эч нерсе жок экен. Мага берилгенди жазып бердим. Алар 7 томдугуна киргизип чыгарышты. Андан кийин бул ишти дагы улантып, иликтеп энциклопедиялык сөздүктөрдү жалпысынан 2500ге чыгып кетти. Ошентип эки жыл эки ай дегенде ушундай көлөмдүү китеп болуп жарык көрдү. Албетте, эки жыл күндө эле олтурганым жок, ортосунда эки китеп чыгарууга үлгүрдүм. Ондогон макалаларды жаздым. Бул китепте терминдерди ушунчалык тактоого аракет кылдым. ТВ деген, радио, басма сөз деген эмне, редколегия, редакция, редактор, публицистика, макала дегенден  баштап дармандын жетишинче чечмеледим. Орус тилинен, башка тилдерден кирген сөздөрдү колдон келишинче кыргызчага котордум. Буга чейин мындай сөздүк Карцев дегендики чыккан, аныкы 345 термин, Жапаровдуку, 450, Орунбековдуку 456 термин. Ушундай үзүк-үзүк болуп чыккан. Меники болсо алардыкынан 3 эсеге көп  болуп жатпайбы. Мен бул китепти басып чыгаргандан кийин журналистикага тиешелүү дагы 78 жаңы атоолорду таптым. Айта кетчү нерсе, бул китепти “Алтын принттен” басып чыгардым эле. Бирок техникалык ката болуп, “жараян”, “Комсомолец Киргизия”, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген журналисти”  карыя журналист Стамбек Усапаев тууралуу жазганым , айтор жалпысынан кийин жазып кошуп берген 48 термин кирбей калыптыр. Бул эми басмакананын көңүл бурбай койгону. Көрсө ,ал жерде жалаң орус балдар иштейт экен.

—Кимдер демөөрүчү болду?

—“Ысык-Көл” коому  50 миң сом акча беришип, “Агай эки жылда кайра кайтарып бересиз” –дешти.  “Бербейм”  — деп тамашаладым. Мыкты банкир болуп жүргөн Мурат Мукашев 30 миң сом акча берди. Азыр басмаканага 15 миң сом карыз болуп калдым. Бул китеп сатыкка чыкса, ошондон түшкөн акчаны төлөйм. Китептин бет ачаарын кылайын десем, ага жок эле дегенде 50 миң сом керек  экен. Ошон үчүн  бет ачаарын кылбайм.

—Кыргыз журналистикасынын сапат маселеси сиздин көз караш боюнча кандай болуп жатат? 

 —Сөздүн чынын айтыш керек. Мен сапат маселесине жогору баа бере албайм. Себеби, кыргыз журналисттеринин баары эмес, бирок көбү орфографияны билишпейт, жаңылык же чоңураак макала жазышса да тыныч белгилерин талаптагыдай коё алышпайт. Бир жолу бир гезиттен 227 ката таптым.  “Фабула” гезити азыр жабылып калды деп жатышат. Мурун бул гезиттен да көп ката  кездешчү. Анан гезитте болобу, сайтта болобу, теледе болобу, айтор баарында эле бирин-бирин кайталоо көп болуп жатат. Гезиттердин биринчи бетин карасаң баягы эле: “Эки автобус кагышты”, “Бирин –бирин бычактаптыр”, “Сайрагүлдү зордуктап кетиптир” – деген  жаңылыктарды бадырайта басышат. Мындай  көңүл чөгөрө турган маалыматтарды көп жазып жатышат. Бирок журналисттер кайсы темада көп маалымат жазса ошону эл да бир тажап, бир тажабай окуй беришет. Коомчулук да ушундай жеңил-желпи, терс маалыматтарды окуп жатышып, экономикалык, аналитикалык чоң макалаларды окубай калышты. Мунун өзү жакшы эмес. Гезиттердеги дагы бир кемчиликти айта кетейин. Азыр көпчүлүк гезитте жамаат деген жок. Көбүнчө эки-үч эле адам жазып толтурат. Редколегия, аймактык кабарчылар деген да жок. Кээ бирөөлөрдү макташса, тим эле ракета менен космоско учурушат. Жамандаса тим эле тумшукка коюшат. Негизи журналистиканын орду коомдо чоң болушу керек.

Мына мен 9 жыл “Советтик Кыргызстан” деген гезиттин Башкы редактору болдум. “Кыргыз-Туусу” деген атты мен койгом. Биздин учурда журналистиканын орду, деңгээли башка болчу. Гезитке  макталып чыккан колхоздун башкармалары жогору жактан грамота алышчу. Же кемчиликтери менен чыкса дароо сөгүш алышчу. Мактанчу эмес, ошол кезде биздин алдыбызда мен кыйынмын дегендердин далайы Ирандын эмирлериндей бийлеп турушчу да. Ушунчалык жоопкерчиликтүү болчу. Так эмес, туура эмес маалыматтар чыгып кетсе, катуу айтканда “атууга” кетчүбүз да. Азыр болсо жоопкерчилик аз. Калп маалыматтар деле аз эмес. Бирок журналисттер коомдогу курч, тескери көрүнүштөрдү тынбай эле жазып  жатат. Коррупция, мафия, сойкулук, криминал дегендин баарын эле ачык жазып жатасыңар. Бирок тиешелүү тарап, бийлик көңүл бурбай жатат. Бир да министрлик жооп берип койбойт. Жооп берсе да сейрек да. Мына мен билгенден сен деле укмуш коррупциялык макалаларды көп жазып келесиң. Ошого ким көңүл бөлдү? Эл окуду. Үшкүрдү. Жини келди. Тиешелүү тарап окуп жатышса да, “жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырып” коюп жатышпайбы.

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here