Салык кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун өткөн жылдагы декларациясын жарыялады. Ажо жалпысынан 891 миң сом тапканы маалым болду. Анын 160 чарчы метр үйү, 60 чарчы метр дачасы, 62 гектарга жакын жери жана МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактору бар. Ал эми ажонун жакындары өткөн жылы 3,7 миллион сом табышкан. Алардын 64 чарчы батири, «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаасы, 20 гектардан ашуун жери бар. Башбакан Абылгазиев болсо өткөн жылы 2 миллион 367 миң сом киреше тапкан. Анын үйүнүн аянты 278 чарчы метр. Мындан башка мал чарбасы бар экени айтылат. Бул байлыктарынан тышкары, машиналары, батирлери тууралуу маалыматтарды декралациясында көрсөткөн эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here