Атактуу каскадер, Голливуд фильмдеринде ойногон  казак актёру Касым Жумакожо 34 жашында дүйнөдөн кайтты. . Ал актерлук менен гана алектенбестен спорттук гимнастика жана таэквондо менен машыккан.

Казакстанда 2-ноябрдан 3-ноябрга караган түнү эс алуучу жайлардын биринде Хеллоуин майрамын белгиленип жаткан. Элди коркуутуу  үчүн бийиктикке  үч кишини асып коюшкан. Алардын бири  актёр Касым болгондугу айтылууда. Ал бул каскадерлук трюкту аткарып жатканда жашоо менен кош айтышкан.Бирок, экспертизадан ал инфарк оорусунан улам жан бергени айтылган.

Маркум Касым Жумакожо «Алтын аю» сыйлыгын ээси болгон. Анын алгачкы атактуулук алып келген кинотасмалары «Көчмөндөр» жана Дневной дозор» жана «Рекетир» болгон. Ал Голливуд жылдыздар:  Джейсон Стэйтем,  Лундгрен,  Ван Дамм, Чак Норрис, Арнольд Шварценеггер ойногон «Неудержимые-2» фильмине тартылган.

Атактуу актёрдун  акыркы тасмалары «Балуан Шолақ», «Тобол», «Викинг», «Анаға апарар жол» …

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here