Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбеков баласы Эрмек Касымовду милиция кызматкерлери сабап, өлтүрүп койгонун айтып чыгып, президентке  видео кайрылуу жасады.

Нурлан Асанбеков «Вентус» коомдук фондуна кайрылган. Фонддун маалыматы боюнча 18 жаштагы Эрмек Касымов Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мал уурдоо фактысы боюнча бир нече ирет суракка алынган. 22-октябрда ал дагы бир жолу суракка чакырылган. Андан кийин көп өтпөй Бөрү-Баш айылында даракка асынып алган Касымовдун денеси табылган.

Ысык-Көл облустук милициясы: «Соттук-медициналык экспертиза сыртынан карап текшерүү жүргүзгөндө анын мойнунда жиптен калган тактан башка так табылган эмес. Ал бала 19-октябрда берген түшүнүк катында кылмышты мойнуна алып, ар бир койду 12 миң сомго сатканын айтып, «сүйлөшкөн кызыма телефон алып бергем» деген жоопту узатты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here